Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуКочкор району 22.05.2019 09:17 На русском

Кочкордо сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды

Turmush -  Кочкор районундагы Осмонаалы Сыдык уулу атындагы тарых жана край таануу музейинин ичинде Нарын облусунун сүрөтчүлөр коомунун көргөзмөсүнүн ачылышы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын ачылыш аземине Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Таалай Усубалиев жана бир катар сүрөтчүлөр катышты.

Нарын облусунун сүрөтчүлөр коомунун бирикмесинин төрагасы Ишенбек Иманалиевдин айтымында, аталган коомдук бирикме 2018-жылы Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун токтому менен түзүлүп, каттоодон өткөн. Облустук сүрөтчүлөр коомуна мүчө болгондордун саны 19га жеткен. Сүрөтчүлөр райондук музейдин ичинен бир бөлмө бөлдүрүп алып, оңдоп чыгып, өздөрүнүн эмгектерин коюшкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×