Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Нарын облусу, Нарын 22.05.2019 09:11

Нарын шаарында жол белгилер коюлуп жатат

Turmush -  Нарын шаарында кооптуу делген тилкелерге жол белгилерин коюу иштери жүрүп жатат.

Учурда Ленин жана Шулер көчөсүнүн кесилишине жол чырагы коюлууда. Муну менен катар борбордук базардын айланасына 26 ар кандай жол белгилери да коюлуп баштады. Аталган кесилиште жана базардын айланасында тыгын көп болуп, ыңгайсыздыкты жараткандыктан шаар бийлиги жергиликтүү бюджеттен 532 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлгөн. Мунун 340 миң сомуна бир жол чырак белгиси алынса, 192 миң сомуна атайын жол белгилери алынган.

Жол белгилерин орнотуу иштери «Таза Нарын» ишканасы тарабынан жүргүзүлүп, жакынкы арада ишке берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×