Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуНарын району 18.05.2019 16:54 На русском

Он-Арча суусуна аккан 6 жаштагы кыздын бут кийимдери табылып, өзү табыла элек

Turmush -  Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында Он-Арча суусуна аккан 6 жаштагы кыздын бут кийимдери табылып, өзү табыла элек. Бул тууралуу Нарын ОИИБден маалымдашты.

Аталган түзүмдөн билдиришкендей, 2019-жылдын 17-майында саат 20:38 чамаларында Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Нарын районунун Миң-Булак айылындагы кичинекей кыз Он-Арча суусуна түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барышкан. Ал жерден Нарын районунун Миң-Булак айылынын 2013-жылы туулган тургуну С.Нурила Он-Арча суусунун жанында ойноп жүрүп, бут кийимин түшүрүп алгандыгы жана аны алам деп жатып сууга агып кеткендиги маалым болгон. Алгач анын сууга түшүп кеткендиги боюнча кабарды Нуриланын жанында ойноп жүргөн 2011-жылы туулган А.А., 2013-жылы туулган А.Э., 2011-жылы туулган Т.Х. 2016-жылы туулган А.У. Миң-Булак айылынын тургуну С.Э.ге билдиришкен.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн учурда суунун жээгинен Нурилага таандык ачык кызыл түстөгү бут кийимдери табылган.

«Учурда Нуриланын өзү табыла элек. Аны издөө иштери уланууда», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 6 жаштагы кыз түшүп кеткендигин 18-майда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген болчу.

Маалым болгондой, кечээ, 17-майда куткаруучуларга аталган сууга 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө иштерине 4 куткаруучу тартылган. Бүгүн, 18-май күнү издөө иштерин улантуу максатында 16 куткаруучу, милиция кызматкерлери, кошумча жергиликтүү тургундар тартылган.

«Мындан тышкары министрликтен кошумча суучулдар тартылат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×