Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Баракелде, Дүйнө 15.04.2019 11:32

Мекендештер: Түркияда окуп жаткан Дастан жергиликтүүлөр кезекке туруп, китеп сатып алганына таң калат (сүрөт)

Түркия, китеп жарманкеси
Түркия, китеп жарманкеси

Turmush -  Кыргызстандык Дастан Разак уулу Түркиянын Измир шаарында доктордук иши менен алектенип жатат. Ал түркиялыктардын арасында китеп окуу жакшы жолго коюлганын, кыргыз эли алардан үлгү алышы керектигин айтат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Дастан Разак уулунун айтымында, Түркияда уюштурулган китеп жармаңкелеринде сатып алуучулардын кезеги үзүлбөйт.

«Түркияда китеп жармаңкелерин уюштуруу жакшы өнүккөн. Ар кайсы шаарларында ири китеп жармаңкелери өтүп турат. Измир шаарында жыл сайын апрель айында 8-10 күнгө созулган жармаңке уюштурулуп, китептер сатылат. Түркияда басмаканалар аябай көп, ошондуктан алар өз китептерин жармаңкелерде сата алышат. Китеп жармаңкесинде элдин көптүгүнөн баса албайсың. Ал имаратка кирүү үчүн кезекке турган элди көрүп, таң каласың. Алар 2-5 китеп, кээ бирлери 10дой китеп сатып алышат. Мыкты чыгармаларды жараткан авторлор китебин сатып алгандарга кол тамга коюп беришет. Алардын кол тамгасын койдуруу үчүн кезекке тизилгендер дагы көп болот.

2 жума мурун эле 15 күнгө созулган "Измир-Чакабей" китеп жармаңкеси өтүп, ал жерге 3 жолу барганымда китеп алуучулардын саны арбын эле. Бул көрүнүштөр түркиялыктардын көп китеп окуй тургандыгын далилдейт. Китепти 7 жаштан 70 жашка чейинкилер сатып алышат. Баасы да арзан. Мисалы мен 3 китепти 19 лирага (220 сомдой) сатып алдым. Жармаңкелерде сатылган китептердин арасында "Кыргыз макалдары" аттуу китеп жана Ч.Айтматовдун чыгармалары да бар.

Бизде дагы ушундай көрүнүштү калыптандырып, элди саясаттан алыстатып, китеп окууга, билим-илимге, ачылыштарды жасоого үндөсөк жакшы болмок» ,- деди Дастан Разак уулу.

Дастан 2016-жылы Түркиянын Измир шаарындагы Докуз Ейлүл университетине тарых боюнча докторантурада (PhD) билим алууга барган. Ош облусунун Алай районунда өскөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×