Turmush — Баткен районунда алдамчылыкка шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди
Маалыматка караганда, бул факты 12-январда катталган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Баткен районунун Бужум айылынын 26 жаштагы тургуну А.Б. башка адамдын ишеничине кирип, анын мүлкүн ээлеп алуу максатында мыйзамсыз аракеттерди жасаган. Ал Баткен районунун Чек айылынын 46 жаштагы тургунунун ишенимине кирип, анын «Honda Fit» үлгүсүндөгү унаасын 1 миллион сомго баалап, акчасын 1 айдын ичинде төлөп берүүнү убадалаган. Бирок көрсөтүлгөн мөөнөттө каражатты кайтарган эмес жана ар кандай шылтоолор менен из жашырып жүргөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) негизинде кылмыш иш козголду. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү аныкталып, кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.