Turmush — Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май айылында сугат системасын жакшыртуу максатында каналдарды бетондоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, долбоор жергиликтүү бюджеттин жана Сокулук райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашууда.
«Бүгүнкү күнгө карата жалпы жасала турчу каналдын узундугу 4 км түзөт. 2025-жылы 740 метр аралык бетондолсо, 2026-жылы 240 метр аралык бетондолуп, жалпы 980 метр бетондолуп бүттү. Эң негизгиси, бул иштер жергиликтүү тургундар менен биргеликте, ашар жолу менен аткарылып жатат. Мындай биргелешкен аракеттер сугат сууну үнөмдүү пайдаланууга жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», - деп айтылат маалыматта.