Turmush — Бүгүн, 20-мартта Кызыл-Кыя шаарындагы №1 мектептин от казанынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, куткаруучуларга Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан Карбышев атындагы №1 мектептин от казанынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аны өчүрүүгө саат 07:05те 1 бөлүм тартылган. Өрттүн аянты 50 чарчы метр түзөт. Болжолдуу түрдө 40 таңгак кургак отун күйгөн.
Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.