Turmush — Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн алдындагы «Чаек» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Элмира Мамбетова ээлеген кызматына кайтып келди. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Элмира Мамбетова бул кызматка 2025-жылдын август айында дайындалып, ноябрь айына чейин иштеп, өз арызы менен кызматтан кеткен. Анын ордуна Расул Сакиев дайындалган.
Элмира Мамбетова кызматтан мыйзамсыз кеткени боюнча Жумгал райондук сотуна арыз менен кайрылган, бирок райондук сот канааттандырган эмес. Ал эми Нарын облустук соту Э.Мамбетованын арызын канааттандырып, Чаек айыл өкмөтүнүн буйруктарын жокко чыгартып, ээлеген жумуш ордун кайтарып берген. Учурда кызмат ордуна кайрадан киришти.
Элмира Мамбетова 1968-жылы Көк-Ой айылында туулган.
Билими жогорку. 1999-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы КМУнун финансы кредит факультетин аяктап, экономист кесибин алып чыккан.
Эмгек жолу:
- 1991-2008-жылдары — «Кыргыз агро өнөр жай» банкында оператор;
- 2008-2015-жылдары — «РСК Банк» ААКтын Чаек филиалында директор;
- 2016-жылдын январь айынан тарта — Казарман филиалында жетекчи;
- 2016-жылдын февраль айынан 2018-жылдын октябрь айына чейин — Жумгалдын Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы;
- 2019-2021-жылдары «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалында сатып алуулар боюнча башкы адис;
- 2024-жылдын ноябрь айынан 2025-жылдын июнь айына чейин — Чаек айылдык кеңешинин депутаты;
- 2025-жылдын июнь айынан август айына чейин — Көк-Ой айылынын айыл башчысы;
- 2025-жылдын 26-августунан тарта — «Чаек» муниципалдык ишканасынын башчысы.