Turmush — Манас шаарында курулуп жаткан ири объектилерге биздин кызматкерлерди киргизишкен эмес. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 9 объекти министрликтин көзөмөлүнө өтүп жатат. Бул кадамга финансылык кемчиликтер, тийиштүү документтердеги мыйзам буз
Ал эми журналисттердин сөз болуп жаткан объектилерге Курулуш министрлиги эмне үчүн көзөмөл жүргүзбөгөнү тууралуу суроого министр төмөнкүдөй жооп берди.
«Эми билинип жатат. Бул объектилерге биздин кызматкерлерди киргизишкен эмес, финансылык документтер берилбеген. Бербей, көрсөтпөй, жаап-жашырып келе жаткандыктын кесепети болду. Мыйзам бузуучулук бар», - деди ал.
Нурдан Орунтаевдин пикиринде, шаар бийлиги Курулуш министрлиги менен тийиштүү иш алып барышы керек болчу.
«Бирок ошол иштер аткарылган эмес», - деди ал.
Кечээ, 18-мартта курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү жетекчилер менен бирге Манас шаарындагы курулуштарды кыдырды.
Анын айтымында, Манас шаарында курулуп жаткан 7 ири объект боюнча долбоордук документтерди даярдоодо талаптар сакталбай, айрым объекттердин жалпы сметалык баасы негизсиз кымбат көрсөтүлгөн.
Жыйында Жалал-Абад облусу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан 9 ири объект Курулуш министрлигинин көзөмөлүнө өтөрү айтылды.
Министр Манас шаарында курулушу жүрүп жаткан 7 объект боюнча Манас шаар мэриясына караштуу Капиталдык курулуш департаментинин башчысы Арапбай Маматалиевден маалымат алды. Анын айтымында, объекттер боюнча долбоорлордун сметалык баалары жана экспертизанын жыйынтыктары параллелдүү түрдө жүргүзүлүп жатат.
Бирок Нурдан Орунтаев бул объекттерде талаптар сакталбаганын белгиледи.
«Объекттердин баалары өтө эле кымбат көрсөтүлгөн. Долбоордук документтер толук аяктаган эмес, экспертизадан өткөрүлбөстөн эле келишимдер түзүлүп, тендерлер жарыяланган. Баары талапка ылайык жүргүзүлүшү керек. Ошондуктан биз мунун баарын мыйзамдуу нукка салып, сапатын карап, өз убагында бүтүрүп берели деп жатабыз», - деди министр.
Министр шаардагы курулуш объекттерин жеринен көрүп чыгып, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компаниялардын өкүлдөрүн ишти токтотпоого чакырды. Ал келишимдер жаңыланарын, эң башкысы — объекттер сапаттуу бүткөрүлүшү керектигин белгиледи.
Курулуш министрлигинин көзөмөлүнө өтө турган объекттер:
- Ю. Абдрахманов көчөсүндөгү 5200 орундуу жабык типтеги көп функционалдуу спорт сарайы;
- Глинка көчөсүндөгү 7 кабаттуу облустук оорукананын жаңы корпусу;
- Р. Азимов көчөсүндөгү президенттик «Акылман» лицейинин филиалы;
- Курманбек көчөсүндө курулуп жаткан облустук филармониянын жаңы имараты;
- Курманбек көчөсүндөгү заманбап шаардык музей;
- насостук станциянын, жөнгө салуучу резервуарлардын, түтүк өткөргүчтөрдүн жана ирригациялык тармактардын курулушу.
Мындан тышкары, министрлик Сузак районунун Багыш айылындагы эс алуу багынын жана Чаткал районундагы оорукананын курулушун да көзөмөлгө алат.