Turmush — Кочкор районунда аңчыларга жок кылган карышкыр жана чөөлөр үчүн сый акы төлөнө баштады. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, өкмөттүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 токтомуна ылайык, карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында министрлик тарабынан аңчыларга сыйлык төлөө үчүн жыл сайын атайын каражаттардын эсебинен 6 миллион сом бөлүнөт. Бул токтомго ылайык, олжолонгон карышкырлар жана чөөлөр боюнча фактыларды күбөлөндүрүү, алардын жашын жана түрдүк таандыгын аныктоо, ошондой эле терилерге атайын номердик белгилерди (бирка) коюу жана тиешелүү актыларды тариздөө үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан атайын комиссия түзүлөт.
Аңчы же анын өкүлү сыйлык алуу үчүн комиссияга төмөнкү документтерди тапшырууга милдеттүү:
• белгиленген формадагы арыз жана банктык реквизиттери;
• паспортунун көчүрмөсү;
• айыл өкмөтү тарабынан берилген маалымдама;
• олжолонгон карышкырдын же чөөнүн териси (30 күндүн ичинде күбөлөндүрүүгө берилет).
Документтер комиссия тарабынан каралып чыгып, токтомдо көрсөтүлгөн формага ылайык акт түзүлөт. Эгерде документтер толук эмес же талаптарга ылайык толтурулбаса, министрлик аларды кайра комиссиянын кароосуна жөнөтөт.
Айрым учурларда документтердин туура эмес толтурулушу, даталардын дал келбеши, терилерге бирка салуу процессинин фото-видео менен тастыкталбашы, документтердин сапатынын начар болушу же айыл өкмөтүнүн маалымдамасынын каттоодон өтпөгөнү сыяктуу себептерден улам сыйлык төлөө кечеңдеши мүмкүн.
Учурда Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын комиссиясы тарабынан документтер талапка ылайык кайрадан таризделип, текшерүүдөн өткөрүлгөн. Азыркы учурда Кочкор районунун аңчыларына сыйлык төлөп берүү процедурасы жүргүзүлүп жатат жана каражаттар аңчылардын банктык реквизиттери аркылуу которулат.
Буга чейин 10-мартта Кочкор районундагы мергенчилер өткөн жылдын февраль айынан бери атылган чөөлөрдүн акылары берилбей жатканына нааразы болуп жатышканы белгилүү болгон.
Кочкор районунун мергенчилер союзунун мүчөсү Марат Жекелеев Turmush басылмасына берген комментарийинде ар бир айылдан үч-төрттөн, жалпы район боюнча 50 мергенчи жан-жаныбарларды коргоп келишерин билдирген.
«Биз чөө, карга, сагызган гана атабыз. Жаныбарларды коргойбуз. Былтыр жүздөн ашуун чөө атылып, алардын терилери комиссияга көргөзүлгөн. Бирок былтыркы февраль айынан бери чөөлөрдүн акчалары бериле элек. Ошол себептүү балдар чөө атууга көңүлдөнбөй баратышат. Ага карабай быйылкы жылы 150дөн ашык чөө атышты. Жылдан жылга чөөлөрдүн саны көбөйүп, жаратылышыбызга зыянын тийгизип жатат. Чөө атуу деле оңой эмес. Саз кечип, чытырман токойду аралап, суу кечип, аттан жыгылып, ачка-ток жүрүп атабыз. Ок-дары кымбат. Мамлекет тарабынан берилген сый акыларды эртерээк берип, эмгектерин баалап коюшса деген ойдобуз», - деген ал.
Мергенчилер союзунун дагы бир мүчөсү Жаныбек Куттукеев мамлекет тарабынан карышкырга 6000, чөөгө 2000 сом каралганын айткан.
«Райондук акимчилик, мергенчилер союзу аракет кылып, мергенчилердин сый акыларын ала албай келе жатабыз. Башка райондордогу мергенчилер өз убагында эле алып жатышкан экен. Кочкор районунун мергенчилер союзунун мүчөлөрү былтыркы февраль айынан бери өткөргөн карышкыр, чөөлөргө сый акыны ала элекпиз. Жаратылышты коргоо министрлиги эмнегедир көңүл кош мамиле жасап келе жатат. Сый акыларды ала албагандан кийин мергенчилер чөө, карышкырга аңчылык кылгысы да келбей баратышат. Чөөлөрдүн саны арбып кетсе, жаратылышка абдан эле зыянын тийгизет», - деген ал.
Мергенчилер союзунун башка мүчөлөрү да ок-дары кымбат экенин, чөөлөрдүн саны барган сайын көбөйүп бара жатканын айтышкан.
«Чөөлөрдүн саны көбөйсө, жаратылышка зыян. Канаттуулар, коён жана башка токойдогу майда жандыктар калбай калат. Биз өз ыктыярыбыз менен жаратылышыбызды коргоп, чөө, карышкыр сыяктуу жырткыч жандыктардын санын азайтуу иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Мамлекет тарабынан чөө, карышкырларга берилүүчү сый акылар өз убагында берилип турса болмок. Былтыртан бери атылган чөөлөрдү комиссияга көрсөтүп жүрөбүз. Бирок акы берилбегенден кийин көңүл келбей калат экен. Алыскы айылдан каражат коротуп, терилерди сасытып жүктөп келебиз. Бирок пайдасы жок. Чыгым гана тартып жатабыз», - деген алар.