Turmush — Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдар Гыязовдун атын жамынып, телефон аркылуу шылуундук кылгандар пайда болду. Бул боюнча ректор өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, элди этият болууга чакырды.
«2 жуманын ичинде 3 жолу менин атымды, сүрөттөрүмдү колдонуп ар түрдүү шылтоолор менен тааныштарды алдап жатышат. Телефон аркылуу шылуундар, телефондук афералар. Бул кылмышкерлердин адамдарды алдап, алардын акчаларын же жеке маалыматтарын уурдоо үчүн колдонгон жалган чалуулары. SMS же мессенджердер аркылуу жөнөтүлгөн кабарлар. Бул методдор көбүнчө социалдык инженерияга, психологиялык таасир этүүгө негизделет», - деди ал.
Бул шулуундардын башкаларга зыяны тие электер аракеттерине бөгөт коюлду.
- Буга чейин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковдун атынан мессенжерлер аркылуу шылуундар акча сурап жатышканы кабарланган.