Turmush — Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл аймагынын Жаңы-Жол айылындагы Тогуз-Булак тилкесинде соода-логистикалык комплекстин курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жаңы-Жол айылындагы «Тогуз-Булак тилкесинде жайгашкан соода-логистикалык комплекстин курулушун толук бүткөрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-сенябрындагы № 565-т тескемеси менен 15 000 000 сом акча каражаты которулуп келген. Ал акча каражатына Ормон-Хан айыл өкмөтү тарабынан сатып алууларга жарыя берилип, 14 300 000 сомго «Ак Роуд» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Бүгүнкү күндө соода-логистикалык комплекске административдик имараттын пайдубалы куюлду. Койлорду киргизүүчү клеткалар жасалып бүтүп, сырдоо иштери жүрдү.
Соода-логистикалык комплекстине жайма базар уюштурууга 4 бастырманын түркүктөрү орнотулуп, монтаждоо иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары соода-логистикалык комплекстин курулушуна президенттин 2023-жылдын 3-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө» №85 жарлыгынын негизинде бириктирилген айыл өкмөттөргө бөлүнгөн 10 000 000 сомго керектүү материалдары алынып келинген. Жергиликтүү бюджеттен 3 000 000 сом, райондук өнүктүрүү фондунан 500 000 сом, жалпы 13 500 000 сомго соода-логистикалык комплекстин кире беришиндеги көпүрө оңдолуп, 100 кВт кубаттуулуктагы 1 даана көмөк чордон (трансформатор) орнотулган. Айланасы тосулуп, мал байлоочу жайдын жери түздөлүп, кум төгүлүп, бастырма салынып, чатыры жабылып, тирөөчтөр сырдалып, мал байлоочу мамычалар орнотулду. Ветенинардык лабороториялык кызматкердин административдик имараты контейнер менен жасалып, электр энергиясы тартылды. 4 ажаткана салынып, айланасына 4 видеокөзөмөл орнотулду. Мал түшүрүлүүчү жайлары жасалып, автоунаа токтоочу жайга кум төгүлүп, түздөлүп, курулуш иштери жүрүүдө.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Ак Роуд» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Жамангулов Кубанычбек Молдошович. Компания 2018-жылы 22-ноябрда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: автомагистралдарды жана шоссе жолдорду куруу.