Turmush — Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын 2 мугалими «Борбор Азиянын мыкты мугалими» аталышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган айылдагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин математик мугалимдери Гүлзат Жолдошбек кызы менен Чолпон Рахман кызы 13-апрель күнү Казакстандын Астана шаарында өткөн «Борбордук Азиянын мыкты педагогу» сынагына катышып, 1-даражадагы диплом, төш белги жана статуэтка менен сыйланды.
Чолпон Рахман кызы сынактын негизги максаттары тууралуу айтып берди.
«Бул сынак билим берүү жаатында эмгектенген чыгармачыл, демилгелүү жана жогорку жетишкендиктери бар мугалимдерди таанытып, аларды колдоого багытталган эл аралык деңгээлдеги сынак. Анын негизги максаты — аймактардагы билим берүү сапатын жогорулатууга салым кошкон, заманбап педагогикалык ыкмаларды колдонгон жана окуучулардын жан дүйнөсүн багынта алган мыкты устаттарды аныктоо. Негизги критерийлери болуп иновациялык методдорду колдонуу, STEAM багытындагы жетишкендиктер, окуучулардын чыгармачыл жана аналитикалык жөндөмүн өнүктүрүү, коомдук ишмердүүлүк жана лидерлик сапаттар, жогорку кесипкөйлүк жана педагогикалык этиканы камтыйт экен», - деди Чолпон Рахман кызы.
Ал эми Гүлзат Жолдошбек кызы сынак уникалдуу аянтча экендигин билдирди.
«Сынакка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан мугалимдер катыша алат. Мектеп, колледж жана лицейлерде эмгектенген педагогдор жана жаңы демилгелерди ишке ашырган чыгармачыл жетекчилер үчүн экен. Бул сынак — билим берүү жаатындагы алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүүгө, аймактык интеграцияны чыңдоого жана мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган уникалдуу аянтча десек болот», - деди Гүлзат Жолдошбек кызы.