Turmush — Жолдошбек Калмуратов Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин аталган кызматта Арстанбек Акиев иштеп келген. Ал 19-апрель күнү өз каалоосу менен арыз жазып, кызматынан кеткен. Анын ордуна буга чейин Тоголок Молдо айыл аймагынын Ак-Кыя айылынын айыл башчысы иштеп келген Жолдошбек Калмуратов дайындалды.
- Кара-Бүргөн айыл аймагына Кара-Бүргөн, Ак-Чий, Жаңы-Тилек жана жаңы түптөлө турчу Ак-Тилек айылы кирет.
АКИpress'тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)
Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек:
info@akipress.org
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.