Бөлүмдөр
Жума, 29-май

Айыл турмушу: 58 жаштагы  Ж.Жолдошбаева тарыхый жайларды саймага түшүргөн

Жумабүбү Жолдошбаева
Жумабүбү Жолдошбаева

Turmush -  58 жаштагы Жумабүбү Жолдошбаева 5-классынан кол өнөрчүлүккө аралашкан.

Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну Жумабүбү Жолдошбаева 1962-жылы Казыбек айылында туулган. Ал 37 жылдан бери Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда кенже кызматкер болуп эмгектенип келет. Жумушунан сырткары кол өнөрчүлүктү дагы колго алган. Учурда ал өз өнөрүн башкаларга да үйрөтүп, устат болуп келе жатканын айтты.

«Өз апам саймачы болгон. 5-класстан баштап андан сайма сайганды жана башка кол өнөрчүлүктү үйрөнгөм. Ошондон бери саймачылык, кол өнөрчүлүк менен алектенип келе жатам. Акыркы жолу 7 дубандын тарыхый жайларын саймага түшүрдүм. Шырдак шырып, курак курап, көлдөлөңдөрдү, жер төшөктөрдү жасайм», - деди ал.

Кол өнөрчү саймачылык боюнча сынакта баш байге алууга да жетишкен.

«Кол өнөрчүлүктү үйрөнөбүз деген кыздар бар. Аларга шырдакты кантип жасап, өңүн кандай чыгаруу керектигин айтып, оюу чийүү жолдорун үйрөтүп келе жатам. Шакирттерим бар. Так жылын билбейм. Бир жылдары сайма фестивалында район боюнча баш байгени уткам», - деди ал.

Жумабүбү Жолдошбаева шырдактарын сатпай, үйүндө сактарын айтат.

«2019-жылы Ат-Башы районунун кол өнөрчүлөрү менен бирге Улуттук көчмөндөр оюндарына Талас облусуна бардым. Ал жерге 7 облустун тарыхый жайлары түшүрүлгөн саймаларымды жана шырдактарды ала баргам. Майда буюмдарды да жасагам. Аларды саттым. Шырдактарды дагы сурады. Бирок арзан сурагандыктан берген жокмун. Мындан улам сатпай эле коеюн дедим. Азыр деле сурагандар көп. Үйдө 10 чакты шырдак бар. Буга чейин кичинекей килем, шырдактарды көп эле саттым. Ал кезде арзан болчу. Кичинекей килемдерди 600 сом, шырдактарды 1500 сомго эле сатчубуз», - деди ал.

Кол өнөрчү өнөрүн келинине дагы үйрөтүп жатат.

«Өнөрүмдү колумдагы келиниме үйрөтүп жатам. Ал дагы менин жолумду жолдоп, кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн улантса дейм. Келиним сүрөттү жакшы тартат. Мен сайма саярда ал сүрөтүн тартып берет. Килемчелерге дагы чаарчыктын жана башканын сүрөтүн түшүргөм. Азыркы тапта жаздык капка сайма саюу боюнча буйрутмалар көп түшөт. Аны 400-450 сомго сайып берем. Буга көз май, убакыт кетет. Бирок атайын убакытты бөлөм. Бир жаздык капка сайма түшүрүүгө 2 күндүк убакыт кетет», - деди ал.

Анын 2 эркек, 1 кызы, 4 небереси бар.

«Коронавирус оорусу башталганда аябай эле кыйналдык.Обсервацияда болдук. Андан да чыктык. Айлык, кошумча акчаларыбызды да берди. Эмгегибизди актаган өкмөткө да рахмат айтабыз.

Жашоодо өйдө-ылдый көп эле болду. Союз тараганда бирине тартсаң, экинчисине жетпеген оокат болду. Ошол кезде килемчелерден бери жасап саттык. Мындан тышкары базарга чыгып, нан, манты, жарма саттым. Ошентип отуруп жакшы жашоого келе жатабыз. Балдар үйлөнүп, колго кол, бутка бут болду. Азыр баары жакшы, Кудайга шүгүр», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×