Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусу, Нарын 14.01.2020 18:39

«Чет өлкөлөрдө гана жүрөбүз»: Балбан У.Жолдошбеков Нарын шаарынын ардактуу атуулу болду

Улукбек Жолдошбеков
Улукбек Жолдошбеков

Turmush -  Эркин күрөш боюнча чоңдор арасында дүйнөнүн бир жолку жана жаштар арасында Азиянын үч жолку чемпиону Улукбек Жолдошбеков «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамын алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

10-январда Нарын шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда ийгилик жараткан спортчуларды сыйлоо аземи өттү. Анда ММА жана панкратион федерациясынын Нарындагы жетекчиси Нурлан Омукеев спортчуларга жана анын ичинен балбан Улукбек Жолдошбековго 70 миң сомдук сертификаттарды тапшырды. Ал эми Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров Улукбекке «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамын салтанаттуу тапшырды.

Улукбек эркин күрөш менен 3-классынан тарта машыгып баштаган.

«1996-жылы Нарын шаарында төрөлүп, ушул жерде өскөм. Спорт менен 3-классымда машыгып баштадым. Алгачкы беттешим 3-классымда Бишкек шаарында болду. Дзюдо менен барып, 3-орунду камсыздагам. Кийин эркин күрөш боюнча жаштар арасында өткөн Азиянын чемпионатында 3 жолку чемпион болдум. Чоңдор арасында өткөн Азиянын чемпионатында 3-орунду, андан кийин чоңдор арасында өткөн Дүйнө чемпионатында чемпион болдум.

7-классымда профессионалдык деңгээлде машыгуу үчүн Бишкек шаарына кеткем. Анткени машыктыруучу жай жана машыктыруучу жок болчу», - дейт ал.

23 жаштагы нарындык балбандын айтымында, 12 айдын 4 айы Кыргызстанда болсо, калган убакта чет өлкөдө болот.

«Негизи Кыргызстанда аз эле убакыт болобуз. Бир жылдын 3-4 айы эле өз мекенибизде болсок, калган 6 ай чет өлкөлөрдө мелдеш, турнирлерде жүрөбүз. Анткени ар дайым мелдештерге катышып турабыз. Ар бир турнирге катышкан сайын тажрыйба топтоого жакшы мүмкүнчүлүк болот.

Ушундай ийгиликтерим үчүн алгач ата-энеме, агаларыма ыраазычылык билдирем. Убагында мени түшүнүп, колдоп, ушул спортко алып келишти. Канчалык алыста жүрбөйүн алар мени чыдамсыздык менен күтүшөт. Андан сырткары машыктыруучуларыма ырахмат. Баарынын эмгеги, колдоосу менен жеңиштерди багындырып жатабыз. Кыргызстаным үчүн дагы көп ийгиликтерди багындырсам деген максатым бар», - дейт Улукбек Жолдошбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×