Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуАт-Башы району 14.01.2020 12:19 На русском

«Кытайга ижарага жер берилдиби?»: Ат-Башыдагы тургундар нааразычылык акциясына чыгышты

Turmush -  Кечээ, 13-январда Ат-Башы районунда 120дан ашык тургун нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алар социалдык тармактарда жарыяланган «соода-логистикалык борборду куруу үчүн Ат-Башынын жери Кытайга 49 жылга ижарага өтүп кетиптир» деген маалыматтын чын-төгүнүн билүү үчүн чогулушкан. Тургундар эгер бул маалымат чын болсо, жерди бербей турганын билдирип, нааразы болушту.

Эл менен район башчысы Жакыпбек Субакожоев жана «Нарын» эркин экономикалык аймагынын башкы директору Гүлзат Абдырасулова жолугуп, алардын пикирин угуп, маалымат беришти.

Акциянын жүрүшүндө айылдын активисттеринен турган элдик байкоочу кеңеш түзүлдү. Байкоочу кеңеш аз убакыттын ичинде тиешелүү документтер менен кенен таанышып, жыйынтыгында​ оң же каршы пикирин билдиришет.

Ат-Башы районунун Калинин айылынын тургуну Адилет Рыскуловдун айтымында, документтер менен таанышып, эл бир чечимге келишет.

«Негизги максатыбыз тиешелүү документтер менен таанышып, эгер документтер туура болсо жерди пайдаланууга беребиз. Ал эми кандайдыр бир кемчиликтер же шек санообуз болсо, анда өзүбүздүн жерибиз үчүн туруп беребиз. Бул маселени көтөрүп жатканыбызга 2-3 жумадай болуп калды. Албетте жашаган жерибиздин чоң мааниси бар», - деди ал.

​Ат-Башы айылынын тургуну Дайрагүл Ибраева бул жыйынга социалдык тармактардагы элдин ар кандай ойлорун окуп, маалымат алуу үчүн келген.

«Эл арасында​ Ат-Башынын жери Кытайга 49 жылга ижарага берилип жатыптыр деген сөз чыгып, социалдык тармактарда талкууланып жаткан. Ал жактан элдин ар кандай ойлорун окуп жатып, толук маалымат алайын деп келгем. Буюрса байкоочу кеңеш менен ошол документтерди дыкаттык менен карап, чечим чыгарабыз. Мен бул иш боюнча дагы толугураак түшүнүк алганга аракет кылам», - дейт ал.

«Нарын» эркин экономикалык аймагынын башкы директору Гүлзат Абдырасулованын билдиргенине караганда, соода-логистикалык борборду куруу үчүн мамлекеттер арасында эмес, жеке инвесторлор арасында келишим түзүлгөн.

«Ушул долбоор башталганга чейин Ат-Башы районундагы 11 айыл өкмөттү кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Айрым тургундар жыйынга келе албай, бул боюнча маалымат албай калгандыгына байланыштуу эл ичинде «жерди Кытайга 49 жылга ижарага берип салышкан» деген туура эмес маалыматтар тарап жатат. Бул туура эмес маалымат. Жер толугу менен «Нарын» эркин экономикалык аймактыкы. Юристтер өздөрү талдап түшүнүшөт деп ишенем. Ошондуктан туура эмес маалыматтарга көңүл бурбай, өзүбүздүн экономикабызды көтөрүшүбүз керек. Эки жылдан бери Аймактарды өнүктүрүү жылы деп айтылып келе жатат. Ошондуктан программалар менен ар кандай инвестицияларды тартып келип, аймактарды​ өнүктүрүшүбүз керек.

Бүгүнкү жыйында элдин арасында түшүнгөндөр дагы болду. Бул мамлекеттер аралык келишим эмес. Эркин экономикалык аймак менен «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүлөрүнүн арасында түзүлгөн. Эгер ишмердүүлүк туура эмес жүргүзүлүп жатса ишти токтотуп, башка инвестор табууга болот», - деди ал.

2019-жылдын 11-декабрында Нарын облусунун Ат-Башы районунда соода-логистикалык борборду куруу үчүн Ат-Башы районуна караштуу Ак-Талаа айыл өкмөтүнө тиешелүү 200 гектар жер «Нарын» эркин экономикалык аймакка 49 жылга ижарага берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×