Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуАт-Башы району 14.01.2020 08:05

Ат-Башынын Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы 17-январда шайланат

шайлоо, выборы
шайлоо, выборы

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 17-январга белгиленди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Ат-Башы, Нарын райондору жана Нарын шаары боюнча атайын өкүлү Б.Өмүралиев билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин айыл өкмөт башчыны шайлоо 17-декабрга дайындалган. Бирок талапкер катталбагандыктан шайлоо өткөн эмес. Кийинки шайлоо 31-декабрга белгиленген. Бул жолу Аскалиев Белек менен Шарше уулу Таалайбек талапкер катары каттоодон өткөн. Бирок талапкерлер тиешелүү добуш албагандыктан айыл өкмөт башчысы бул ирет да шайланбай калган.

«Айыл өкмөт башчылыкка талапкер болуп Жыргалбек уулу Эрлан менен Көбөгөнова Гүлмира катталды. Мурдагы айыл өкмөт башчы өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Шайлоо Ак-Моюн айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсү менен өтөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×