Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусу, Нарын 13.01.2020 21:00

Нарында өткөн жылы 293 жырткыч, 2,4 миң жолбун ит атылды

Turmush -  Нарын облусунда 2019-жылы 172 карышкыр, 121 чөө (жалпы 293), 2 миң 405 жолбун ит атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Сагынаалы Боогачиев билдирди.

Анын айтымында, облуста карышкыр, чөө жана жолбун иттердин санын азайтуу жөнүндө буйруктун негизинде иштер уланууда.

«Өзгөчө карышкыр, чөөлөрдүн санын азайтуу максатында бир катар иштер жүрүүдө. Департамент тарабынан мергенчилердин тобу уюштурулду. 2019-жылы карышкырлардын көбү Ат-Башы жана Нарын райондорунда атылды. Райондук мамлекеттик администрациясы, акимдер жана айыл өкмөттөр менен тыгыз иштешип жатабыз. Ак-Талаа районунда атылган карышкырлардын саны аз болууда, себеби карышкырлар жүргөн аймактар алыс, унаа жетпейт. Жергиликтүү тургундар унаа барбаган жерлерге өздөрүнүн аттарын берип, мергенчи топторго жардам беришсе жакшы болмок», - деди С.Боогачиев.

Ошондой эле атылган карышкыр менен чөөлөргө сый акы төлөнүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×