Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуАт-Башы району 13.01.2020 13:20

Ат-Башыдагы мектептерге психолог керек, - айылдык кеңештин депутаты

Жыйын
Жыйын

Turmush -  9-январда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов иш сапары менен Ат-Башы районуна келип, Ача-Кайыңды жана Ак-Талаа айыл өкмөттөрүнүн 2019-жылы аткарган иштеринин отчетторун угуп, жыл жыйынтыгын чыгарды.

Жыйынга район башчысы Жакыпбек Субагожоев, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Алгач жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу маалыматтар берилди. Андаң соң, тургундар жайыт, жол, суу маселелерин жана ветеринардык кызматтагы кемчиликтерди айтышты.

Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы​ Адилет Жумалиев билим берүү тармагына токтолуп, айыл жеринде психологдун жоктугун айтты.

«Биз дотацияда болгондуктан психологдун маянасын жергиликтүү бюджеттен каржылай албайбыз.​ Ош жана Бишкек шаарларында кеңештер каржылап беришет.

Биздеги мектептерге психолог керек болуп жатат. Себеби, үй-бүлөдө зомбулук көргөн бала мектептен көңүлсүз отурат. Ошондой балдар менен иштеш керек. Ушул маселени жогорку жакка жеткирип коюңуздар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×