Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуКочкор району 13.01.2020 12:52

Кочкордогу Жоон-Арык суусу ээрип, көтөрүлүп жатат. Видео

Turmush -  Кочкор районунун Көк-Жар айылынын Жоон-Арык суусундагы айылга коркунуч жараткан муз күн жылыганына байланыштуу ээрип, өз нугу менен ага баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жоон-Арык суусу өткөн жылы дагы тоңуп, көтөрүлүп, муз катмары пайда болуп, 20 үйдү каптап кеткен эле. Быйылкы жылы да суу тоңуп, деңгээли көтөрүлүп, айылды каптоо коркунучу жаралган. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Сабыржановдун айтымында, Жоон-Арык дарыясы жайы-кышы агып турат.

«Бул суу райондук суу чарба департаментине карабайт. Ошол себептен өткөн жылы эле айыл өкмөтү тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чара көрүү боюнча кат менен кайрылганбыз. Бирок министрликтен жооп келген жок.

Быйылкы жылы да кыш айларында суу тоңуп, айылды каптоо коркунучу жаралды. Бактыга жараша күн жылып, муздар ээрип, арыктар менен өз нугунда агып кетти. ӨКМдин техникасы күйүүчү майы менен алынып келди», - деди ал.

Айыл тургундары: «Кокустан суу өз нугу менен кетпегенде турак үйлөргө коркунуч жаралмак. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күз айларында эле арыктарды оңдоп, дамба коюп чыгышы керек эле. Кыш али алдыда. Муз кайрадан тоңуп, айылды каптоо коркунучу бар. Кыштын күнү жер тоң болсо, ӨКМ эмне иш аткара алат?» - деп кабатыр болушууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×