Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусу, Нарын 13.01.2020 12:00 На русском

Нарын шаарында 140 миң долларга спорт комплекс курулат

Turmush -  Нарын шаарында спортчуларды колдоо, аларга шарт түзүү максатында 140 миң доллар каражатка 850 чарчы метрлик спорт комплекс курулат. Бул тууралуу КРнын Панкратион жана ММА федерациясынын Нарындагы президенти Нурлан Омокеев билдирди.

10-декабрда Профессионалдык үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде Нарын облусунан чыккан, эл аралык жана дүйнөлүк спорттук мелдештерде ийгиликке жетишкен спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү.

Нурлан Омокеевдин айтымында, бул спорт комплексинин курулушу 2020-жылдын февраль айында башталат.

«Элге кызмат кылуу — ар бир кыргыз жаранынын мойнундагы милдет. Ресторан куруп, өзүбүздү гана ойлобой, ушундай спортчуларга шарт түзсөм деген максатым бар болчу. Облусубузда спортту өнүктүрүү, жаштарды колдоо максатыбыз акырындык менен ишке ашып келе жатат. Тактап айтканда, Нарын шаарындагы «Ала-Тоо» стадионунун жанына чоң спорт комплекс курулат. Учурда жер маселеси дагы чечилди. Анын капсуласы февраль айында салынып, дубалы тургузула баштайт. Ал жеңил курулушка (убактылуу) кирет. Кудай буюрса май айында ачылышын жасап калабыз деп жатабыз. Ал 140 миң доллардан ашык каражатка салынып, жалпы аянты 850 чарчы метрди түзөт.

Спортчулар көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүнө, кичи машыгуучу жайларга барышат. Албетте, ал жакта тажрыйбалуу машыктыруучулар жок, шарттар деле каралган эмес. Ошентсе да ийгиликтерди жаратып жаткан спортчуларыбызга ыраазычылык билдирем. Эми бул спорт комплекс курулса, спорттун бардык түрүнө шарттар түзүлүп калат. Алардын ичинен спорттун панкратион жана ММА түрүн көтөрүүгө басым жасалат. Кыргызстандын намысын коргоп, желегин желбиретчү спортчуларга ар дайым колдообузду көрсөтүп турабыз», - дейт Нурлан Омокеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×