Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуКочкор району 13.01.2020 11:14

Кочкордогу Т.Курткаев мектебиндеги ата-энелер нааразычылык акциясына чыгышты

Таалай Курткаев атындагы орто мектеби
Таалай Курткаев атындагы орто мектеби
// Турмуш

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Мантыш айылындагы Таалай Курткаев атындагы орто мектебинин директору кызматтан кетип, анын ордуна келген директорду айыл тургундары кабыл албай, нааразычылык билдирип, мектепке чогулушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, буга чейин мектеп директору болуп 39 жаштагы Чынара Шакирова иштеген. Ал кызматтан бошогондон кийин анын ордуна коңшу айылдагы мектептин мугалими Жазгүл Жумалиева дайындалган.

Чогулган эл менен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улан Өзүбеков жолукту. Ата-энелер мурдагы директорго кысым болгонун, ал жөн жерден арыз жазмак эместигин, анын учурунда мектепте иш жакшы жүргөнүн, аны кайра кызматка алып келүү керектигин белгилешти.

Чогулушта Чынара Шакирова айыл элинин пикирин укпай, шашылыш арыз жазып, өз алдынча чечим чыгарып алганын айтып, ага ишеним көрсөткөн элден кечирим сурады. Ошондой эле бул жерде райондук билим берүү бөлүмүнүн күнөөсү жок экенин айтты.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Өзүбековдун айтымында, мурунку директор үчүнчү жолу арыз жазган.

«Мага Чынара директорлуктан кетем деп эки жолу арыз жазган. Каршы болуп, кабыл албай койгом. Үчүнчү жолу 30-декабрда жазды. Мен аны 14 календарлык күндүн ичинде карап, андан кийин Чынара Шакированы кызматтан алдым. Анын ордуна коңшу айылдагы мектептин химик мугалими Жазгүл Жумалиеваны дайындагам. Мектепке чогулган 30га чукул тургун мурунку директордун эле тууган-уругу. Ушул жумада кайра карап, бир чечим чыгарам», - деди У.Өзүбеков.

Кызматтан бошогон Чынара Шакирова буларга токтолду.

«Бул мектептин ачылганына 4 ай гана болгон. Коңшу айылдан келип иштегендиктен директорлуктан баш тарткан болчумун. Себеби жол алыс, ар кандай кыйынчылыктар жаралууда. Үй-бүлөлүк шартка да туура келбей калат экен. Айыл эли Кызыл-Дөбө айылындагы мектептин мугалими Жазгүл Жумалиеваны кабыл албай жатышат. Алар мени иште деп жатышат. Эми эмне болсо да кайра иштешим керек», - деди Ч.Шакирова.

Жаңы дайындалган директор Жазгүл Жумалиева 23 жылдан бери билим берүү тармагында иштеп келе жатканын, бул жерде жөн гана саясат жүрүп жатканын белгиледи.

«Мугалимдер каршы болгон жок, бул жерде саясат эле болуп жатат. Мени бул кызматка райондук билим берүү бөлүмү жана мугалимдер көрсөтүшкөндө макул болдум. Директорлук кызматка келеримди мен деле билген эмесмин. Адистигим химия сабагы боюнча мугалим.

Чынара өзү Кызыл-Дөбөнүн келини, бирок Мантыш айылында эмес, коңшу Кызыл-Дөбө айылында турат. Мантыштагы орто мектепте иштеген бүт эле мугалимдер кызыл-дөбөлүк. Мантышка жаңы мектеп ачылганда окуучу, мугалимдер экиге бөлүнгөн болчу. Азыр Кызыл-Дөбө орто мектебинде 462 окуучу бар, ал жерде 42 мугалим эмгектенип жатат», - деди Жумалиева.

Чогулган эл эгер жаңы директор Ж.Жумалиева кызматтан кетпесе же башка директор дайындалбаса балдарын мектепке жибербей турганын айтышты. Ошондой эле бул талап аткарылбаса Ак үйдүн алдына барышарын билдиришти.

Мантыштагы мектепте 270 окуучу, 20дан ашык мугалим бар. Бул мектеп 2019-жылдын сентябрь айында ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×