Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуКочкор району 13.01.2020 11:13

Айыл турмушу: М.Табашова өмүрүн маданиятка арнап, балдарга салттуу музыканы үйрөтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы Кочкор айылынын тургуну Максуда Табашова жарым кылымга чукул өмүрүн маданият тармагына арнаган. Актриса менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

Анын айтымында, 1952-жылы Ош облусуна караштуу Мады айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1970-жылы Бишкек шаарындагы эстрадалык студияда билим алып, 1971-жылы практикага Кочкор райондук маданият бөлүмүнө келип иштеп баштаган. Дээрлик 49 жылдан бери Кочкор райондук маданият бөлүмүндө иштеп жатат.

«Менин маданият тармагында иштеп келе жатканыма жарым кылымга чукулдап калды. Бул аралыкта маданият тармагы гүлдөп өнүгүп, эгемендүүлүк жылдарынан кийин өксүп, жол таппай карайлап туруп калган абалына күбө болдум. Гүлдөп өнүккөн доору эгемендүүлүккө чейин болду. Ай сайын гастрол, күн алыс спектаклдер коюлуп турчу. Ал эми эгемендүүлүк алгандан кийинки жылдарда, тактап айтканда 1995-жылга чейин айлык албай иштеп, айрым кесиптештерибиз жумушун таштап, соода-сатык менен алектенип кетип калышты. Акыркы 10 жылдан бери маданият тармагы кайрадан жанданып келе жатат десем жаңылбайм. Себеби колдон келишинче райондук маданият бөлүмдөрү спектаклдердин үстүнөн иштеп, элге тартуулап башташты. Азырынча жаштар спектакль көрүүгө кызыкдар эмес болуп жатат. Мени ошол нерсе түйшөлтөт. Спектаклдерде бир катар образдарды аткарып, 2005-жылы «Маданияттын мыкты кызматкери» жана башка төш белгилер менен сыйландым. Образ жаратуу деле оңойго турбайт. Айрым образдарга бат сүңгүп кирип ойноп кете аласың. Маданият министри Күлүйпа Кондучалованын образын 3 күн даярданып, көрүүчүлөргө алып чыктым.

Кыргызстанга туристтердин келиши менен кыргыз фольклору, кыргыз буюмдары, кыргыз кийимдери өтө тездик менен жанданды. 2000-жылдары Кочкор районуна туристтер көп келе башташкан. Ушул учурда турист тосуучулар менден кыргыз кийим менен комуз чертип берүүнү суранып башташты. Туристтер биздин улуттук аспап, кийим жана буюмдарыбызга кызыгышчу экен. Ошондон тартып мен туристтерге комуз, ооз комуз чертип, өнөрүмдү тартуулап келе жатам. Ушул өнөрдүн аркасы менен 2017-жылы Швейцарияга барып келдим.

Азыр райондогу балдардын музыкалык мектебинде темир ооз комуз, жыгач ооз комуз боюнча сабак берип жатам. Темир ооз комуз менен жыгач ооз комуз чертүү мээнин иштешин жакшыртат. Себеп дегенде ооз комуздун ооз көңдөйү аркылуу титирөөсү адамдын кан айлануусун жакшыртат. Ооз жана жыгач комузда ойноодо демди туура чыгаруу зарыл. Мына ушул учурда дем алуу органдары, тактап айтканда өпкөнүн туура иштешин да жакшырат. Дагы бир нерсени белгилеп айта кетсем, ооз комуздун үнүнүн жакшы чыгышы тиштен да көз каранды болот экен», - деди ал.

Максуда Табашова «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамын алуу үчүн документ топтоп тапшырганына 3 жыл болду. Бирок али күнчө кабар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×