Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуКочкор району 13.01.2020 10:16

Подполковник Улукбек Мамыров Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы менен сыйланды

Turmush -  Кочкор районунда милициянын подполковниги, ардагер Улукбек Мамыров Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага бул сыйлык Мамэкотехинспекциянын Жумгал жана Кочкор райондору боюнча башкармалыгынын жана кесиптик бирлигинин жалпы сунушу менен ыйгарылды.

Улукбек Мамыров 1966-жылы Кочкор айылында туулган. ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясында билим алган. 1988-1995-жылы Кочкордогу курулуш ишканасында прораб болуп иштеген. 1995-жылдан 2016-жылга чейин ички иштер бөлүмүндө эмгектенген. Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары кызматын аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан. 2017-жылдан бери Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Жумгал жана Кочкор райондор аралык башкармалыгынын эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери боюнча башкы инспектору кызматын аркалап келе жатат.

IMG_20200111_135102

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×