Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 10.01.2020 16:46 На русском

Аш кордо менен таш кордонун айырмасы эмнеде? Ак-талаалык ашпозчунун жообу

Аш кордо
Аш кордо
// Турмуш

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 31 жаштагы тургуну Мирбек Доктуралиев жердештерине аш кордо тамагын жасап, кызмат кылып келет. Өзгөчө тамак жасаган ашпозчунун иши менен аймактык кабарчы таанышты.

Доктуралиев Мирбек Орозбекович 1989-жылы аталган айылда туулган. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын улуусу. 2008-жылы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинен билим алып чыккан соң, Бишкек шаарындагы кондитердик цехтерде иштеген. Ошол жерден ашпозчулукка кызыгып, чоң-чоң тойканаларга ашпозчу болуп орношкон.

1 жыл Бишкекте, 7 жыл Россия өлкөсүндө ашпозчу болуп иштеген Мирбек мырза учурда кичи мекенине келип, буйрутма аркылуу аш-тойлордо ашкордо жасап, киреше табууда.

«Россияда ашпозчу болуп иштейм. Айылга бир аз эс алууга келгем. Жөн эле эс албай, колумдан келген өнөрдү элге тартуулайын деп аш кордо жасап жүрөм. Ашпозчу кесибин тандап алганым өзүм ушул өнөргө жакын болгонумдан болду окшойт. Россияда чоң-чоң ресторандарда иштеп жүргөндө көп эле мактоо баракчаларын, диплом, грамоталарды алдым. Россияда 7 жыл, 1 жыл Бишкекте иштедим.

Менде картошка, пиязды арчып, казанга салуу деген жок. Элге жакса экен деп мээримимди төгүү менен жасайм. Бишкекте кондитердик цехтерде иштеп жүрүп эле ашпозчулукка өтүп кеттим. Россияда биздикиндей эмес. Ар бир жасаган тамак-ашыңа жооп бересиң. Ашпозчунун жоопкерчилиги абдан чоң. Элдерге жакса, алар бааласа дем-күч болот», - деди М.Доктуралиев.

Аш кордону 1500 сомго жасаган Мирбек мырза таш кордо менен аш кордо тамагынын айырмасын айтып берди.

«Аш кордо деген суунун буусуна бышат. Жумшак болот. Ал эми таш кордо ташка корумдалып бышат. Ал гриль сыяктуу болуп сырткы бөлүгү же терисине гана даамы чыгат дагы ортосу супсак болуп калат.

Аш кордо кой, козу, эчки жана улактын этинен жасалат. Алгач союлган малдын этин кадимкидей жиликтеп, аны аябай туздап, 2 саат коюп коёсуң. Андан соң тамак-аштарга кошула турчу ар түрдүү кошулмаларды (калемпир, мурч ж.б.) кошуп, 1 жарым литр газдалган сууга чылап, 1 сутка коёсуң. Эртеси, кадимки казандын түбүнө жарым литр газдалган сууну куюп, ага маринаддалган этти салып, үстүнө 1 литр өсүмдүк майын текши куюп чыгасың. Андан кийин казандын оозун капкак менен жабасың. Ошону менен 2,5 саат убакыт бышырасың. 2 жарым сааттан соң аш кордо даяр болот.

Аш кордого буйрутма бергендер малын өздөрү союп алып келишет. Калганын бүт өзүм бышырам. 1500 сомдун ичинде эмгек акым жана этти маринаддоого колдонула турчу тамак-аш кошулмаларына кеткен каражат бар. Койдун этинен жасалган аш кордо 3 саатта бышат. Кудайга шүгүр, күз мезгилинде аш-тойлор көп болгондуктан жумасына 4-5 буйрутма түшүп, жаным тынган жок», - деди М.Доктуралиев.

Ал тамак-аштарды жасоо үчүн атайын жай курууну пландап жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×