Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуКочкор району 10.01.2020 11:13

Кочкорлук шайыр апалар мыкты ышкыбоз деп табылды

Turmush -  Кочкор районундагы «Насаатчы айымдар» фольклордук тобу жылдын мыкты ышкыбозу деп табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган топтун жетекчиси Айшакан Кадырова билдирди.

«Насаатчы айымдар» фольклордук тобу «Аймак ышкыбоздору-2019» долбоорунун мыкты ышкыбозу деп табылып, диплом менен сыйланган. Сыйлыкты долбоордун жетекчиси Кайрат Кыргыз тапшырды.

«Насаатчы айымдар» фольклордук тобу 2017-жылы жылы уюшулган. Курамында 13 айым бар. Уюшулгандан баштап эл аралык фестивалдарга катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүп, жеңүүчү болуп жатышат. Буга чейин эл аралык фестивалда 2-орунга ээ болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×