Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуКочкор району 10.01.2020 10:49 На русском

Мергенчилерден качуу үчүн жеген казы-карта, чучукту кускан дөбөт жана карышкырдын ичинде жашаган балапан. Кочкордогу окуялар

Туратбек Мамбетсадыков
Туратбек Мамбетсадыков

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Суу айылынын 38 жаштагы тургуну Туратбек Мамбетсадыков окуучу кезинен тартып мергенчиликке кызыгып келген. Ал учурда мал-жандыкка кол салган жырткычтарга аңчылык кылууда. Мергенчи менен аймактык кабарчы таанышты.

Туратбек Мамбетсадыковдун айтымында, анын мергенчиликке кызыгып калуусуна атасы түрткү болгон. 12 жашынан тарта колуна курал алып, мергенчиликке чыга баштаган.

«Мал-жандыкка кол салган жырткычтарды атып жүрүп мергенчиликке баш отум менен кирип кеттим. Аң улоого чыкканда тайгандар мыкты жардамчы болгондуктан 10 жылдан бери тайган кармап жатам. Тайгандарым түлкү, чөө алышат. Азыр мергенчилер топ-тобубуз менен айылдарда күч болуп жаткан карышкырларды атып келе жатабыз. Кайсы айылда малга карышкыр тийип жатса, ошол айылдын тургундары бизди чакырышат. Мергенчилер барып, колдон келишинче жырткычтарды жок кылганга аракет кылуудабыз. Ат-Башы районуна да барып, карышкыр атып келдик.

Жырткычты, анын ичинен карышкыр атуу оңой эмес. Булар акылдуу келип, алдын ала пландоону дагы билишет. Булардын жашоо тактикасы өзгөчө. Колго оңой менен түшүшпөйт. Бөрүлөрдүн жашоо тартиби да бар. Бир үйүрдө 12 карышкыр чогуу жүрөт. Ар бир топтун малга кол салуу эрежелери бар. Жеп кеткен малды карап, кайсы үйүр кол салганын билүүгө болот. Мисалы, бир үйүр малдын жамбашын жейт. Башка топтогулар тумшуктан алат. Айрымдары кекиртектен алып жешет. Карыган дөбөттөр топтон чыгып, өз алдынча өмүр сүрө баштайт. Энелери бөлтүрүктөрүнө малга кол салуу эрежелерин үйрөтөт. Эгерде бөлтүрүктөр энесинен эрте ажырап калса, бодо малга кол салууну кеч үйрөнүшөт. Канча жылдан бери карышкырлар менен алышып жатып, аларды деле таанып калдык. Көркоонун тукумдары улам башка аймакка орун которуп, ооп турушат. Талаа санитары деп бекер айтышкан эмес да», - деди ал.

Туратбек Мамбетсадыков 2019-жылы 8 карышкырды жана бир нече чөөнү атып жок кылган. Ал жырткычтарды атканы үчүн алган сый акысына керектүү ок-дарыларды алат.

«Мындан 3 жыл мурун канчыкты жана анын дөбөтүн атып алганбыз. Алардын бөлтүрүктөрү бар болчу. Ошол бөлтүрүктөр майда-жандыктарга кол салып күн өткөрүп келишчү. Быйыл алар бодо малга кол сала башташты. Энеден эрте калган бөлтүрүктөр малга кол салуунун эрежелерин билбей калышкан. Алар бодо малды тирүүлөй эле, тактап айтканда жамбаш эттерин жеп жатышат. Негизи карышкырлар бодо малды кекиртектен алып, андан кийин ичин жарып жешет.

Карышкыр атуу үчүн күн чыга электе алардын жатагына барып, көз салып отуруу керек. Айрым учурда кардын үстүнө чатыр тигип, тоого түнөйбүз. Алар өтө сезимтал келгендиктен шек билгизбөө керек. Алар үйүрү менен түнкүсүн курсагын тойгузуп, таңга жуук жатагына жөнөшөт. Мына ушул учур бизге ыңгайлуу убакыт болуп эсептелет. Керек учурда карышкырча улуганга да туура келет. Анткени тетири кетип бара жаткан карышкырга бөлтүрүкчө жана дөбөтчө улуп-уңшуп жатып атып алабыз. Бир жолу райондун Дөң-Алыш айылындагы тоолордон карышкырга буктурма уюштуруп, малга кол салып келе жаткан карышкырлардын тобун кууп калдык. Ошондо бир дөбөт жеген эттерди, жылкынын казы-картасын жолду катар кусуп, ичин жеңилдетип алып, бизге жеткирбей катуулап чуркап, кутулуп кетти. Дагы бир карышкыр тобуна жетпей, атып алууга мүмкүн болбогон жерге барып жатып алды. Анан улуп, тобун чакырып жатты. Карышкыр тамакты майда чайнап жебейт экен. Алар бир тамактанганда 10 кг же 12 кг салмактагы этти жеп, 7 күн ачкачылыкка чыдай алышат.

Дагы бир окуяны айтып берейин. Жай айларында тоодон кечинде карышкыр атып алдык. Эртеси карышкырды союп жатсак, жумуру кыймылдайт. Жумурду тилип, ичин карасак, 3 кекиликтин балапанын бүкүлү жутуптур. Бирөөсү тирүү экен. Канаттуулар думукпайт окшойт.

Азыр менде эки курал бар. Бири 500 метр алыстагы карышкырды ата алат. Экинчиси жакын жерден алат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×