Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуНарын району 10.01.2020 09:19

Нарын районундагы Тамды-Сууга айыл макамы берилди

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы алыскы Орук-Там өрөөнүндөгү Тамды-Сууга айыл макамы берилди. Бул тууралуу айыл башчы Бердигул Алиев билдирди.

Анын айтымында, айыл түптөлгөндөн бери бир катар көйгөйлөр келип чыккан.

«Таза суунун жана социалдык инфраструктуранын жоктугу айтылып, бийлик тарабынан чечилбей келген. Буга айыл макамынын жоктугу негиз болуп келген. Айыл тургундарынын көптөн күткөн ою ишке ашып, кайрылуулар Жогорку Кеңеш тарабынан каралып, айыл макамы берилгени тууралуу кубанычтуу кабар келди. Айыл 1940-жылдары түптөлгөн», - деди ал.

Алыскы Орук-Там айылы экиге бөлүнүп, бирөө Чет-Нура айыл өкмөтүнө тиешелүү болсо, Тамды-Суу айылы Орток айыл өкмөтүнө тиешелүү болуп келген.

«Эми толук кандуу Орток айыл аймагынын курамында болот. Орток айыл аймагы Кайыңды,Таш-Башат, Эки-Нарын жана Тамды-Суу айылдарынан турат. Учурда аталган айылда 50 түтүн эл жашайт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×