Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуАт-Башы району 09.01.2020 18:41

Ат-Башыдагы эки айыл өкмөт жыл жыйынтыгын чыгарды

Turmush -  Бүгүн, 9-январда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов иш сапары менен Ат-Башы районуна келди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ал Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды жана Ак-Талаа айыл өкмөттөрүнүн 2019-жылы аткарган иштеринин отчетторун угуп, жыл жыйынтыгын чыгарды. Жыйынга район башчысы Жакыпбек Субагожоев, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Алгач жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу маалыматтар берилди. Андаң соң, тургундар жайыт, жол, суу маселелерин жана ветеринардык кызматтагы кемчиликтерди айтышты.

Мындан тышкары ушул жылы курула турган индустриялык соода-логистикалык борбор жана жеңилдетилген насыялар тууралуу кенен маалыматтар берилди. Ошондой эле, дубан башчы сандан сапатка өтүүнү айтып, сүт, эт багытындагы мал-жандыктарды багууну сунуштады.​ Анын себебин сүт менен иштеген ишканалар сүттүн аздыгынан планын толтура албай жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×