Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.01.2020 17:57

Бүгүн Ак-Талаада карышкырлар бир тайды «мүлжүп» кетишти. Видео

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагында карышкырлар жылкыларга кол салып жаткандыгын жергиликтүү тургундар билдиришти.

Жайыт комитетинин төрагасы Шайырбек Турумбековдун айтымында, аталган айылдын Майстан жана Үч-Алыш чөлкөмдөрүндө карышкыр күч болуп, күнүгө 1-2 баш жылкыны жеп, 1 айдын ичинде 10 баштан ашык байтал жана тайлар жок кылынган.

«Чындыгында карышкыр күч болуп жатат. Карышкыр атууга жергиликтүү бюджеттен 5 миң сом каражат бөлүнгөн. Буга чейин ондон ашык байтал жана тайларды жеп кетти. Күнү куру эмес, жеп кетип жатат. Буюрса карышкыр атууга мергенчилер тобун түздүк. Эртеңден баштап карышкыр атууга чыгышат», - деди Ш.Турумбеков.

Тургундар бүгүн, 9-январда Майстан чөлкөмүнөн бир тайды жеп кеткенин айтышты.

«Карышкыр күч болуп жатат. Карышкыр атуу иштери уюштурулуп жатат. Бирок 2-3 эле адамдын мылтыгынын документтери бар. Алар карышкыр атууга жетишпейт», - деди тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×