Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуЖумгал району 09.01.2020 16:19

Жумгалда жайыт комитеттеринин башчылары сыйланды (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында жайыт комитеттеринин 10 жылдыгы белгиленип, жыйын уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ошондой эле семинар уюштурулду. Ага район акими Адыл Сапаров, райондук айыл чарба департаментинин башчысы Талантбек Молдокеев, салык кызматынын башчысы Октябрь Молдокеев, АРИСтин Нарын облусу боюнча координатору Марат Баатыров жана райондук жайыт комитетинин төрагасы Кылычбек Чокоев менен жалпы 13 жайыт комитетинин өкүлдөрү, жетекчилери катышты.

Район башчысы Адыл Сапаров жайыт комитеттери түзүлүп, иштеп баштагандан бери жакшы иштер болуп жаткандыгын, бюджети аз айрым айыл өкмөттөрдүн жайыт комитеттери аксап жатканын айтып, алдыдагы жылдарда пландар менен иш алып баруу керектигин белгиледи. Салык кызматынын башчысы Октябрь Молдокеев жайыт акыларын өз убагында төгүп, пландар толук аткарылышы керектигин эскертип өттү. Райондук жайыт комитетинин төрагасы Кылычбек Чокоев 10 жылдын аралыгында жайыт комитеттери ар кандай кырдаалдарга кабылып жатканын, жайыт башчылары улам алмашып же иштебей жатканынан улам жайыт акылары чогулбай, план толук аткарылбай калганын айтты. Бирок 2019-жылы жайыт салыгы боюнча иштер 100 пайызга аткарылганын баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө жайыт тармагында үзүрлүү эмгектенген башчыларга райондун сыйлыктары жана райондук жайыт комитетинин сыйлыктары тапшырылды.

Жумгал району боюнча жалпы 209 897 га жайыт бар. Тургундар ар гектарына 2,25 сомдон жайыт акы төлөшөт. Ошондо жылына 472 миң сом чогулат. Ал эми мал башына жалпы 3,4 млн сом акы чогултулат.

Жумгал районунун аймагында 13 жайыт комитети каттоодон өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×