Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуАт-Башы району 09.01.2020 15:28

Тагдыр: Атасын көрбөй өскөн Т.Мусаевдин өкүнүчү

Таабалды Мусаев
Таабалды Мусаев

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылынын 82 жаштагы тургуну Таабалды Мусаев техника менен иштегени эмгек китепчесине жазылбай калганына кабатыр.

Анын 4 кыз, 6 уул, 63 небере, 15 чөбөрөсү бар. Өзүнүн айтымында, 1961-жылдан баштап союз тараганга чейин колхоздун техникасы менен эмгектенген. Бирок ал иши эмгек китепчесине жазылбай калган.

«Мен атамды көргөн эмесмин. Атам Талды-Суу айылынын башчысы болуп иштептир. Ал кезде бири-бирин көрө албай, соттошо беришчү экен. Кимдир бирөөлөр атамдын үстүнөн “Кытайга каттайт” деп арыз жазыптыр. Бийликтен кишилер келип, атамды алып кетишкен бойдон кайтып келбептир. Кайсы жерде өлгөнүн билбейбиз. Мен атам кеткенден 2 айдан кийин төрөлүптүрмүн. Апам жалгыз бакты. Үйдө экөөбүз эле турчубуз. Анын каза болгонуна 28 жыл болду. Мен эрезеге жетип, үйлөнүп, ал кишини багарда кыйналып ооруп жүрүп кайтыш болуп кетти.

Байбичем 80 жашта, 10 балабыз бар. 17 жашымда үйлөндүм. Токмоктогу техникумда окудум. Айылга келип, техника менен иштеп жүрдүм. Аябай катуу иштедик, бирок эмгегибиз кайтпай калды. Кадрлар бөлүмүнө барып, “трактор менен иштеп жатам. Эмгек китепчеме жазылып жатабы?” деп сурасам, “ооба, жазылып жатат” деп айтышчу. Ал документти ачып көрсөтүшчү эмес. Бирок кийин карасам мөөрдү басып, кол коюптур. Калганы аппак бойдон калыптыр. Эч нерсе жазылган эмес, эмгегим көрсөтүлбөй калган.

Үйдө турган жокмун, дайыма трактор, комбайн айдап иштеп жүрдүм. Байбичем дагы чөп жыйнап иштеп жүрдү. Бош убакта комуз чертем. Энем сүйрөп жүрүп үйрөткөн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×