Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуЖумгал району 09.01.2020 14:13

Жумгалдын Чаек айылында хоккей аянты ачылды (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын Кара-Жээк аймагында хоккей аянты ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аны аталган айылдын тургундары түзгөн фонд ишке ашырган. Хоккей аянты жайгашкан жер мурда сейил бак болгон. Кийинчерээк кароосуз калып, таланып-тонолуп кеткен. Айылдыктар ал жерди кайрадан сейил бакка айландырып, айланасын тосуп, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузушкан. Ошондой эле сейил бактын ичине кичи футбол талаасын куруп, бирок айрым курулуш иштери токтоп калган. Учурда ошол футбол талаасына муз тоңдурулуп, хоккей аянты ишке берилди.

7-январда өткөн ачылышка район акими Адыл Сапаров, коомдук ишмер, журналист Нурдин Мотуев, фонддун жетекчиси Жеңишбек Абдраимов, райондук спорт комитетинин инструктору Рахат Абышов жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, спортчулар, айыл тургундары катышты.

Иш-чарада аталган жай күн жылыганда футбол аянты, кышында хоккей аянты боло тургандай жасала турганы айтылды. Ошондой эле сейил бакты көрктөндүрүү пландары коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×