Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуЖумгал району 09.01.2020 13:35 На русском

Жумгалдык котормочу Мукан Асаналиевдин артында тоодой эмгек калды (видео, сүрөт)

Turmush -  Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун жана журналисттер союзунун мүчөсү, акын, котормочу, коомдук ишмер Мукан Асаналиев жаңырган жылдын 2-январында 73 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү 4-январда кичи мекени Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жерге берилди.

Акынды акыркы сапарга узатуу зыйнатына коомдук ишмер, композитор Муратбек Бегалиев, ЖК депутаты Абтандил Кулбараков, район акими Адыл Сапаров, айыл өкмөт башчысы Бектур Кыдырмаев жана Кыргыз улуттук жазуучулар союзу менен журналисттер союзунун мүчөлөрү, акындын жакын санаалаштары, теңтуштары, жакындары катышты.

Мукан Асаналиев​ 1947-жылдын 1-август күнү Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында туулган.

Эмгек жолун Жумгал районундагы Чаек колхозунда тракторчу болуп баштаган. Андан соң 1965-1969-жылдары Аскер-деңиз флотунда моряк болуп аскердик милдетин аткарган. Ал жерден келгенден кийин Фрунзедеги Ленин атындагы заводунда бир жыл жумушчу болуп иштеген. 1970-1975-жылдар аралыгында азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин​ чет тилдер факультетинде окуп, жогорку билим алган.

1975-1977-жылдары Жумгал райондук спорт комитетинин төрагасы, 1977-1987-жылдары Фрунзедеги политехникалык институтта жана медициналык институтта окутуучу, 1987-1997-жылдары Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы орто мектепте чет тилдер боюнча окутуучу жана эркин күрөш боюнча машыктыруучу, 1997-2000-жылдар аралыгында Бүткүл дүйнөлүк банктын Кой чарбасын өнүктүрүү жана жүндүн сапатын жакшыртуу боюнча долбоорлорунда улук координатор кызматын аркалаган.

2000-жылы «Айбекс» туристтик фирмасын түптөп иштеген.​ 2009-жылдан тарта Улуттук жазуучулар союзунун котормо секциясынын жетекчиси, Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.

Чыгармачылыкта котормо жаатында үзүрлүү эмгектенип, жыйырмадан ашуун кыргыз китепти орус, англис тилдерине, ошондой эле англис тилиндеги китептерди кыргыз тилине которуп, адабиятка зор салымын кошуп келген. Алсак, «Мезгил ыргактары», «Британия кайрыктары» китебин жазып, Азербайжан элинин улуу жазуучусу Мир Жалалдын тандалган чыгармаларынын 2 томдугун, акын Бахтияр Махмуд оглы Вагабзаденин «Гүлистан» поэмасын (кыргыз, орус жана англис тилдерине), Рамиз Мехтиевдин «Абсурд театрынын сезону», «Азербайжандардын геноциди боюнча чындык», Шах Исмаил Севефинин «Жаңыланууга алына турган багыттагы стратегиясын аныктоо», Адил Жамилдин «Манас эпосу жана түрк уламыштарынын традициялары», Адил Алиевдин «Армян геноциди — чындык жана жокмок», «Азербайжан эл жомогу», В.Мустафаевдин «Ходжа» көркөм тасмасын, Гаира Пашаеванын «Менин жан дүйнөм Карабактан» аттуу ырынын көркөм композиясын (кыргыз тилинде), «Мен манастын баласымын», Болот Шамшиевдин «Там башындагы скрипач» аттуу сценарийин (англис тилинде), Камал Абдулланын «Толук эмес кол жазма» аттуу чыгармасын кыргыз тилине жана 78 кыргыз акындарынын ырларын англис тилине которуп, «Кыргыз поэзиясы англис тилинде» аттуу китебин чыгарган. Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун «Менин жашоомдогу университетим» аттуу китебин орус тилине, Асан Ахматовдун «Эрендер дагы ыйлашат» аттуу китебин кыргыз тилине, Садык Шер-Нияздын «Курманжан датка» тарыхый көркөм тасмасын англис тилине, Эрнест Абдыжапаровдун «Такси жана телефон» аттуу көркөм тасмасын англис тилине, Бек Жылдыздын «Балдар үчүн жомоктор» чыгармасын англис тилине, В.Темирбаевдин «Анарбек Бакаев» аттуу китебин кыргыз тилине которгон. ​ Мындан сырткары аты кеңири таанымал болгон дүйнөлүк классик акындарынын ырларын кыргызчага которуп, окурмандарга тартуулап келген.​

Мукан Асаналиев чыгармачылыктагы үзүрлүү эмгеги үчүн Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. «Мыкты акын-котормочу» номинациясы боюнча «Нурборбор» эл аралык чыгармачылык академиясынын диплому менен сыйланган. Ошондой эле түрк тилдүү элдердин жазуучуларынын ардак грамотасын алган. 2015-жылы «Нарын облусунун ардактуу атуулу», «Жумгал районунун ардактуу атуулу» жана «Кызыл-Жылдыз айылынын ардактуу атуулу» наамдарынын ээси болууга жетишкен. 2019-жылы «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» жана Кыргыз Республикасынын эл акыны наамдарына сунушталган.

Анын артында 3 кыз, 1 уулу калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×