Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.01.2020 17:21

Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылында көк бөрүнүн жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын 1995-жылы туулган жигиттери тарабынан көк бөрү боюнча турнир өткөрүлгөнүн активист Дүйшөнбек Турарбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Кечээ, 7-январда кыргыз улуттук оюндарды даңазалоо максатында аталган айылда көк бөрү оюну өткөрүлүп, ага жергиликтүү көк бөрү сүйүүчүлөрү катышты. Турнирдин соңунда 1-орунду 35 жаш курактан жогоркулардан куралган команда, 2-орунду 1997-жылы туулган жигиттердин командасы, ал эми 3-орунду 1993-жылы туулган жигиттерден куралган команда алды. Жеңүүчү командалар акчалай сыйлык, медаль, диплом жана 1-орунду алган команда өтмө кубок менен сыйланды. Андан сырткары, «Мыкты оюнчу» наамы менен Тынчтык Токоев сыйланды. Абдыбек уулу Гүлжигиттин Спирит аттуу аргымагы мыкты аргымак деп табылды. Ошондой эле аталган мелдешти эр эңиш, кыргыз күрөш, кунан чабыш жана аламан жарыш оюндары коштоду.

«Мелдешти уюштуруунун негизги максаты — кыргыз улуттук оюндарын даңазалоо, спорт тармагына салым кошуу, элибизди дени сак, сергек жашоого үндөө, кийинки өсүп келе жаткан муунга жакшы жактарыбызды үлгү катары көрсөтүү болуп саналат», - деди уюштуруучулардын бири Д.Турарбеков.

Байге фонду 30 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×