Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуКочкор району 08.01.2020 16:11 На русском

Кочкордогу кызын жоготкон эненин ыйы жана маркумдун акыркы көз ирмемдери. Видео

Райкан  Муктарова
Райкан  Муктарова
// Турмуш

Turmush -  Жыл жаңырган күнү, тактап айтканда 1-январда Кочкор районуна караштуу Жаңы-Жол айылында 36 жаштагы келин денесиндеги жаракаттын кесепетинен көз жумган. Анын өлүмүнө жолдошу шектелип кармалды. Бул окуя боюнча эки тараптын тааныштары эмне дейт? Аймактык кабарчы окуянын чоо-жайын билди.

Маркум келиндин апасы Райкан Муктаровага кызы жолдошу тууралуу эч нерсе айтчу эмес.

«Көп эле жолу колу тийген учурлар болгон. Бир убакта кызым күйөөсүнүн ур-токмогунан качып, өзүнчө батирге чыгып жашап да көргөн. Бирок аркасынан барып, жалдырап, айтпаган сөздү айтып, карганып, "экинчи мындай болбойт" деп алып кеткен. Ошондо кызым балдар үчүн деп кайра жашап калган. Бизге да даттанып айтчу эмес. Бирок анын кабак-кашынан эле күйөө баланын ага болгон мамилесин байкачумун. Кызым нан бышыруучу цехте иштеп, оокат кылчу.

Жээн неберелерим биздин үйдө болчу. Балдарга белек алып, 31-декабрь күнү саат 12:00 чамасында үйгө келген. Эки сааттай биз менен тамактанып отуруп, "кечки саат 21:00 чамасында келем. Баарыңарды майрамдатам, балдарды муз тебүүчү аянтка алып барам" деп кеткен. Кечинде уулум Сагынбек кызыма телефон чалса күйөө бала алып, конокко барарын айтып, телефонду коюп койду. Бир нече убакыттан кийин кайра чалса "Жылдыз эшикке чыгып кеткен" деп айтып, анда да телефонду өчүрүп салды. Жаңы жылды тосуп, жатып алдык. Түнкү саат 02:00-02:30 чамасында уулума телефон чалышыптыр. Күйөө бала эмес, башкалар экен. "Жылдыз жандандыруу бөлүмүнө жатып калды" деди. Уулум бизге айтары менен унааны айдап, жандандыруу бөлүмүнө бардык. Бирок ал жерде жок экен. Тез жардамга бардык, анда да жок болуп чыкты. Анан алардын үйү көздөй жөнөдүк. Барсак толгон-токой киши жүрүптүр. Деле ооз ачкан киши жок. Эч ким эч нерсе айтпай жатты. Кошуналар бир ооздон "жаңы эле келдик" деп турушту. Күйөө баланын туугандары келиптир. Алар да айтпайт. Бир убакта эки милиция кызматкери келип, "кайрат кылгыла" деп кетип калышты. Көрсө кызымды эчак эле өлтүрүп коюп, телефонго өзү жооп берип отурган окшойт. Денесинде тамтык жок. Бутунун манжалары эле соо экен, калганы жанчылып, көк ала болуптур. Кызымдын бакырганына карабай сабаган окшойт. Азыр кичүү эки баласы энесин сагынып ыйлап жатышат. Бир неберем өзүнө келе албай, тез жардам чакырып жатабыз. Эми эмне күндү көрүшөт? Агасы Сагынбек кызымды ойлоп жатып оорусу кармап, бүгүн жандандыруу бөлүмүнө жатып калды», - деди ал.

Кыргызстандагы кызыктуу видеолорду Aimak Akipress ютуб каналынан көрүңүз

Ал эми шектүүнүн айылдашы Жумабек Каратокоев төмөнкүлөргө токтолду: «Бул үй-бүлө жакшы үй-бүлө болчу. Бири-бирине зыяны жок эле. Маркумдун күйөөсү ичимдик ичип алып чатак салчу эмес. Көчөдөн ар ким менен жакалашып жүргөнүн көрчү да эмесмин. Мечитке барып жүргөнүн көргөм. Кошуналары менен деле тынч жашачу. Менин атамдын үйү менен бул баланын үйү жакын. Ошондон улам жакшы билем», - деди.

---------------------------------------

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милицияга 1-январь түнү болжол менен саат 00:40 чамасында Кочкор районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун тез жардам бөлүмүнүн фельдшери Жаңы-Жол айылынын 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу тургунун көрүү үчүн барышканын, бирок ал белгисиз себептен улам эчак эле каза болуп, жансыз денеси уктоочу бөлмөдө жатканын билдирген.

Маркум келиндин артында 4 бала калды. Эки баласы мурунку жолдошунан болсо, кичүү балдары шектүүдөн болгон.

Бул факт Кочкор РИИБ тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда аталган келиндин жансыз денеси өзүнүн үйүнүн уктоочу бөлмөсүнүн түштүк-батыш тарабында жайгашкан диванда башы батышты, буту чыгышты карап, чалкасынан жаткан абалда табылган. Жансыз денеге сыртынан кароо жүргүзгөн учурда оң жак көзү кичине көгөргөнү байкалган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум С.Ж. 1986-жылы туулган жолдошу А.У. менен жашап жүргөн. Алардын бир кыз, бир уулу бар. Алар таятасынын үйүнө эс алууга кетишкен.

Маркумдун жолдошунун көрсөтмөсү боюнча, аталган күнү келинчеги экөө акча тууралуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Ал маркумду эки жолу жаак тушка муштум менен чаап, андан соң каракушка бир жолу бут менен тээп жиберген.

Келиндин жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×