Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуАт-Башы району 07.01.2020 14:20

Ат-Башынын Ак-Муз айылынын жигиттери волейбол уюштурушту

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында муундар жана көчөлөр арасындагы ынтымакты бекемдөө, ден соолукту чыңдоо жана бош жүргөн адамдарды спортко тартуу максатында волейбол уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, турнирди Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 1993-жылы туулган жигиттери уюштурушкан. Оюн эки күнгө созулуп, Жогорку лигадагы командалар арасында 1-орунду «Алга», 2-орунду «Ак-Муз 97», 3-орунду «Ак-Муз 91-92» командалары камсыз кылды. «Мыкты коргоочу» наамы менен Адилет Айбеков, «Мыкты чабуулчу» наамы менен Медербек Самарбек уулу, «Мыкты оюнчу» наамы менен Ажыбек Сүйүнбек уулу сыйланды.

Ал эми көчөлөр арасында өткөн оюнда 1-орунду Мурзабай уулу Сарбагыш атындагы, 2-орунду Ы.Ысмакунов атындагы, 3-орунду М.Субакожоев атындагы көчөлөрдүн командалары камсыз кылышты. «Мыкты коргоочу» наамы менен Байыш Абдыбеков, «Мыкты оюнчу» наамы менен Ишенамакун Сариев, «Мыкты чабуулчу» наамы менен Эркинбек Арабаев сыйланды. Жеңүүчү командаларга тиешелүү даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

50 жаштагы Алмаз Турганбаев да ушул оюнга катышып, өз күчүн сынаган.

«Ак-Муз айылынын 1993-жылы туулган балдары 6-7 жылдан бери жакшы уюштуруучу болуп жатышат. Булардын арты менен айылдын жаштары спортко тартылып жатышат. Биз дагы балдар менен тең тайлашып ойнодук. Менден дагы улуу оюнчулар бар», - деди ал.

Уюштуруучулардын бири Адилет Жумамүдүнов: «Келечекке чоң-чоң пландарыбыз бар. Айыл ичинде гана эмес, айылдар арасында уюштуруп, облустук деңгээлге чыксак деген оюбуз бар. Турнирге көп оюнчулардын катыша баштаганы жетишкендик деп айта алам. Башында 3 гана команда катышкан, бул оюнга 20 команда катышып жатат. Жалпы байге 20 миң сом, аны уюштуруучу топ чыгарабыз», - деп билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×