Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуКочкор району 06.01.2020 17:33

Акча үчүн урушкан жубайлар. Кочкордо Жаңы жылда жаш келин каза болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кочкор районунда Жаңы жыл түнү адам өлүмү катталды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, милицияга 1-январь түнү болжол менен саат 00:40 чамасында Кочкор районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун тез жардам бөлүмүнүн фельдшери Жаңы-Жол айылынын 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу тургунун көрүү үчүн барышканын, бирок ал белгисиз себептен улам эчак эле каза болуп, жансыз денеси уктоочу бөлмөдө жатканын билдирген.

Бул факт Кочкор РИИБ тарабынан каттоого алынды. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда аталган келиндин жансыз денеси өзүнүн үйүнүн уктоочу бөлмөсүнүн түштүк-батыш тарабында жайгашкан диванда башы батышты, буту чыгышты карап, чалкасынан жаткан абалда табылган. Жансыз денеге сыртынан кароо жүргүзгөн учурда оң жак көзү кичине көгөргөнү байкалган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум С.Ж. 1986-жылы туулган жолдошу А.У. менен жашап жүргөн. Алардын бир кыз, бир уулу бар. Алар таятасынын үйүнө эс алууга кетишкен.

Маркумдун жолдошунун көрсөтмөсү боюнча, аталган күнү келинчеги экөө акча тууралуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Ал маркумду эки жолу жаак тушка муштум менен чаап, андан соң каракушка бир жолу бут менен тээп жиберген.

Келиндин жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×