Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуКочкор району 12.01.2020 14:45

Казактын Арзы, Күржү баатырларынын ысымы берилген Кочкордогу жер  

Күржү-Булуң
Күржү-Булуң
// Турмуш

Turmush -  Кочкор районунун Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Кара-Тоо айылынын аймагында Күржү-Булуң деп аталган жер бар. Аймактык кабарчы бул жердин аталышын такташтырды.

Аксакалдардын айтымында, 1770-1771-жылдары казактын найман уруусунан чыккан, орто жүз казактарынын султаны Көкжал Барак (Сан Барак) 15 миң аскер алып, кыргызды каратып алууну көздөп жортуулга чыгат. Көкжал Барак баштаган түмөндөгөн аскер Чүй менен Иленин ортосундагы Коңур жонунан чубап түшүп, Чүйдүн баш жагын каптап келе жатканда аларды Бөрүбайдын тоосуна чыгып турган Эсенгул баатыр Болот уулу көрүп калат. Ал «жоо келди, качкыла» деп кыйкырганда ал жердеги айылдар жалпы кызыл уук болуп шашыла көчүп жөнөйт.

Эсенгул Болот уулу болжол менен 1730-1735-жылдары туулуп, азыркы Токмок шаары жайгашкан жерде жашаган. Ал түндүк кыргыз урууларынын ичинде оң канатты жетектеген манап болгон. Кыргыздын солто, сарбагыш уруулары кыргыз көп жерге барып согушалы деп, көчтүн артына жоокерлерин коюп, Кочкорду көздөй качышкан. Казактар артынан кууп, бир нече күн согушушат. Бул согушта сарбагыштан Черикчи бий Темир уулу көптөгөн эрдиктерди көргөзгөн. Казактын көптүгүнөн кыргыздын күчү кетип, «жарашалы» деп арага киши салышат. Бул эки жактагы кыргыздын колу чогулуп келгенче амал кылып, убакытты созуу айласы эле. Бугу, солто, саяк, сарбагыш урууларынын малы семире элек үчүн аттары арык болуп, эмне кылып согушуунун айласын таппай турушат. Акыры түн ичи токойдон чычырканак кыйып, аларды байлап, жарашуу боюнча сүйлөшүп жатканда Кызарттын бели жактан атка сүйрөтүп чаңдаткыла деген тапшырма беришет. Саяк уруусунан Жепкетер баатырга «бул милдетти аткарууга сенден башка киши жарабайт» деп, калган ишти ага жүктөшөт.

Кыргыздын элдешели деген кабары барганда Көкжал Барак бир нече баатырлары менен туусун көтөрүп келет. Күн шашке болгон кезде Эсенгул баатыр баштаган кыргыздын баатырлары да болжошкон жерге келип түшөт. Эки тарап жаңыдан сөзгө киришкенде Кызарттын бели жактан болуп жаткан шамалга аралаш бир учу асманда, бир учу жерде болгон калың чаң чыгат. Чаңдын алды Кочкордун токоюнун башына аралашып, токойдун баары, Кочкор чаң болуп калат. Эсенгул баатыр билмексен болуп, «Бул эмне чаң болуп кетти, биз жарашалы деп жатканда. Калың кыргыздан кол келип калдыбы?» деп жанындагыларга суроолуу карайт. Аңгыча 10 чакты жигит менен аттарын кара терге чөмүлтүп Жепкетер баатыр чаап келет. Ал салам айтпастан ат үстүнөн туруп, «Көптүгү ала каргадай арык, тукумунун колу келип калды. Саяктын сан колу келе жатат, чегирткедей каптап, чериктин колу келе жатат. Буудандарын жулкунтуп, бугунун колу келе жатат. Солтонун солондору келе жатат. Колдун алды токойго түшүп, тамак-аш ичүүгө камынып калды. Арты Кызарттын белинен үзүлгөн жок» деп кыйкырат. Эсенгул баатыр «Союш үчүн калың кол элди талап кетпесин. Сөзүңдү токтот, колдун союшунун камын кылалы, аттангыла» деп атына минип, аттанып кетет. Эсенгул баштаган кыргыздын башчылары токойдогу чаңды карай жөнөгөндө Көкжал Барак тезинен аскерине келип, согушпастан артына качат. Казактар жапырт качканын көрүп кыргыздар жалпы чабуул коюшат. Казактарды көп өлтүрүп, мүлкүн олжолоп алышат.

Ошол согушта Кочкордун күн чыгыш жагындагы Жоон-Арыктагы талаадан казактын Айтак деген баатырын өлтүрүшкөн. Бул жер азыр Айтактын чабы деп аталат. Казактын Арзы деген баатыры өлгөн жер Арзы аталган. Учурда бул жерде Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Арзы айылы жайгашкан. Арзынын Кара-Тоосу деген тоо бар. Күржү деген казактын баатыры өлтүрүлгөн жер Күржү аталган. Көкжал Барак өзү Кескен-Ташта кармалып өлтүрүлгөн.

Качкан жоону Чүйгө жете кубалап, андан Иленин суусуна чейин кубалашкан. Бул согуштан соң кыргыздар казактан мал алып, жылкы тийип, көбүрөөк жабырлыгы өткөн. «Барактын чабуулунда ат семирткендей» деген казакта макал бар. Эсенкул Болот уулунун бою узун, өзү алп денелүү болгон үчүн кыргызда «чоңдугу Эсенгулдай» деген лакап сөз тараган. «Казык моюн Эсенгул» деп да аташкан. Мына ошол казактын Күржү баатыры өлгөн жер Күржү-Булуң деп аталат. Совет өкмөтүнүн жылдарында бул жерди Көк-Талаа деп атап коюшкан. Бирок азыркы учурда Күржү-Булуң, Күйгөн көпүрө деген ат менен да айтылып жүрөт. Бул жерде Күржү-Булуң нассостук станциясы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×