Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуНарын району 05.01.2020 12:11

Нарындын бийчилери республикалык сынактан байгелүү кайтышты

Turmush -  Нарын районунун Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин бийчилер тобу «Жылдыздуу асман» республикалык бий сынагында 2-орунга ээ болушту. Бул тууралуу мектеп директору Назгүл Кадырова билдирди.

Анын айтымында, улуттар аралык мамилени чыңдоо аркылуу улуттук бийди даңазалоо максатын көздөгөн республикалык сынак Бишкек шаарында өтүп, ага 154 конкурсант катышты.

«Ага бийге алгачкы кадам жасап жаткан бийчилерден баштап, профессионалдуу бийчилер да катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Сынакта тандалган репертуарда балдардын жаш өзгөчөлүгүнө туура келгени, аткаруучулук чеберчилиги, көркөм образын ачып берүүсү, өзүн алып жүрүү талаптары коюлду. Таймаш кызыктуу өтүп, бийчилер өз чеберчиликтерин көрсөтүштү. Жыйынтыгында Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин «Адеми» бийчилер тобу 2-орунду камсыз кылышып, диплом, кубок жана эстелик медаль менен сыйланышты. Бул сынак жыл айын өткөрүлүп келет. Анда биздин окуучулар «Пахтачы кыз» деген күүгө бийлешип, мыкты даярдыктарын көрсөтүштү», - деди Н.Кадырова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×