Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 05.01.2020 09:34

Ак-Талаада малчылардын жубайлары менен ишкер жигиттер сармерденде таймашты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында «Куртка ынтымагы» аттуу сармерден оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Кенжебай Бейшенкулов билдирди.

Анын айтымында, 4-январда айыл өкмөт жана айылдык клуб тарабынан уюштурулган сармерденге малчылардын жубайлары менен ишкер жигиттер катышты.

«Эки тарап макал-лакап айтышуу, табышмактын жообун табуу, ырдоо, кыргыз бийлерин бийлөө жана куйкум сөздөр менен жооп берүү боюнча таймашты. Соңунда калыстар тобунун чечими менен жигиттер утуп чыгышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×