Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуАт-Башы району 13.01.2020 13:24

Ат-Башыда көмүр 4000 сомдон сатылууда

Turmush -  Ат-Башы районунда Турук көмүр кенинен келген көмүрдүн тоннасы 3500 сомдон, Кара-Кеченин көмүрү 4000 сомдон сатылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга көмүр сатуучулар билдиришти.

Ат-Башы айылынын 36 жаштагы тургуну Дастан Чекиров көп жылдан бери күз айларынан тарта көмүр алып келип сатуу менен алектенет.

«Кара-Кече көмүр кенинен көмүр ташып келип иштеп жатам. 2-3 күн дегенде келебиз. Кээ бир убактарда 1 жумалап жатып калып жатабыз. Аба ырайы суук, базарга чыгып сатабыз, кардар деле жок. Унаабыз бузулуп калса 1 айлап жатабыз, жол жаман. Кезекте турган унаанын саны 200-500гө чейин жетет. Киргенде дагы, чыкканда дагы кезекке турабыз. Тараза бирде иштесе, бирде иштебейт. Сатканыбыз өзүн актайт. Ал эми жай айында жумуш жок, үйдөбүз. Биздин жумуш күз мезгилинде башталат. Аба ырайы кечинде жана эртең менен 40 градуска чейин суук болуп кетип атат.

Көмүрдүн сапаты жакшы. Бир барганда 17-18 тоннага чукул алып келебиз. Былтыр көмүр 4500 сомдон сатылган. Азыр 4000 сомдон сатып жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×