Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуЖумгал району 03.01.2020 08:32 На русском

Акын, жазуучу жана котормочу Мукан Асаналиев 73 жашында дүйнө салды

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун ардактуу атуулу, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, жазуучу жана котормочу Мукан Асаналиев узакка созулган оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу Turmush басылмасына маркумдун жакындары билдиришти.

Мукан Асаналиев 1947-жылдын 1-августунда Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде билим алган, чет тили боюнча окутуучу.

Эмгек жолун алгач 1965-1969-жылдары Фрунзедеги Ленин заводунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1969-1970-жылдары КМУнун чет тилдер факультетинде окутуучу болуп иштеген. 1975-1977-жылдары Жумгал районунда спорт комитетинин төрагасы, 1977-1987 Фрунзедеги Политехникалык институтунда жана медициналык институтунда окутуучу болгон. 1987-1997-жылдары Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач орто мектебинде окутуучу жана эркин күрөш боюнча машыктыруучу, 1997-2000-жылдары Бүткүл Дүйнөлүк банктын долбоорлору боюнча улук координатору, 2000-2009-жылдары «Айбекс» туристтик агенттигинин директору болуп эмгектенип келген. 2009-жылдан бери Улуттук жазуучулар союзунун котормо секциясынын жетекчиси, Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.

Сыйлыктары:

Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты, «Жылдын мыкты акыны жана мыкты котормочу» (КР Эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясы, 2010-ж), «Жылдын мыкты котормочусу» (Улуттук жазуучулар союзу, 2013-ж). Түрк тилдүү элдердин жазуучулар союзунун сыйлыгы (2013-ж.). КР Эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык академиясынын академиги (2013-ж.).

Акын, котормочу М.Асаналиев орус, англис, түрк, казак жана азербайжан тилинде бир нече китеп которгон жана өзү жазган китептери да бар. Ошондой эле «Курманжан датка» тасмасынын саундтрегин чет тилине которгон.

Маркум 4-январда саат 10:00дө Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында акыркы сапарга узатылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×