Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 02.01.2020 22:40

Ак-Талаанын Баетов айылындагы бала бакчага 219 миң сомдук эмеректер алынды

Turmush -  31-декабрда Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы «Жаш тилек» бала бакчасына 219 миң сомдук эмеректер берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматкери Назгүл Мүсүралиева билдирди.

Маалым болгондой, каражат Нарын облусун өнүктүрүү фондунан каралды. Каражатка 90 балага ылайыкталган 45 керебет жана балдардын кийимин илүүчү 6 даана эмерек алынып келди. Аталган бала бакча буга чейин «Тынчтык» бала бакчасынын №3 бөлүгү болчу. 2019-жылы 1-март күнү өз алдынча бала бакча катары бөлүнүп, иш жүргүзүп келе жаткан. Анда эмеректер жетишсиз болгондуктан бөбөктөр жерге салынган төшөктө жатып келишкен.

«Белгилей кетсек облустун өнүктүрүү фондундагы 1 млн 44 миң сом каражатты натыйжалуу пайдалануу жана аймактардагы социалдык-экономикалык долбоорлорду колдоо максатында сынак жарыяланган. Сынакта 5 долбоор колдоо тапкан. Алардын бири «Жаш тилек» бала бакчасы болуп, бала бакчага эмеректер тапшырылды», - деди Мүсүралиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×