Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуНарын району 01.01.2020 17:38

Нарында 5 окуучу президенттин белегин алды

Turmush -  Нарын районунун Учкун айылындагы Э.Токсобаев жана Жер-Көчкү айылындагы Б.Кыязов атындагы орто мектептин 5 окуучусу президенттин жаңы жылдык белегин алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алардын арасындагы Э.Токсобаев атындагы мектептин 1-классынын жана 2-классынын окуучусу Кубатбеков Алишер менен Кубатбекова Фатима президентке кат жазып, белек сурашкан.

Нарын районунун акими Семетей Черикбаев алардын үйүнө барып, президенттин атынан белегин тапшырды. Ал эми Б.Кыязов атындагы орто мектепте окуган бир туугандар, 1-класстын окуучусу Токтоболотов Умар, 3-клаасстын окуучусу Токтоболотов Усман, 4-клаасстын окуучусу Токтоболотова Раяна президентке кат жолдошкон.

Аларга Нарын районунун акиминин орун басары Сымбаткан Аттокурова менен Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.Кожоканов президенттин атынан жаңы жылдык белектерди тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×