Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 29.12.2019 12:48

Сүрөт — Ак-Талаада жылдын мыктылары аныкталды. Алар кимдер?

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жыл жыйынтыгы чыгарылып, райондогу «Мыкты айыл өкмөтү», «Мыкты мекемеси» сыяктуу сыйлыктардын ээлери аныкталып, айрым тургундарга «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанаттуу иш-чара 27-декабрь күнү Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүндө өттү. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

«Ак-Талаа районунун ардактуу атуулу» наамы менен сыйлангандар:

- Баетов айылынын тургуну Жеңишбек Осмонов;
- Терек айылынын тургуну Кароолбек Тайлаков;
- Жерге-Тал айылынын тургуну Олег Итикулов;
- Баетов айылынын тургуну Асылбүбү Сулайманова;
- Баетов айылынын тургуну Дамира Жусупбекова;
- Баетов айылынын тургуну Жакшылык Суранбаев;
- Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин директору Ажаркүл Тиленбаева;
- Үгүт айылынын тургуну Амангүл Курманалиева;
- Тогуз-Торо районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Үсөнбек Токтокуев;
- Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасынын хирург дарыгери Кубанычбек Жумагулов;
- Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын мурунку башчысы Дастан Күйкеев;
- Афган согушунун ардагери Жаныбек Маметов;
- Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Майрамбек Байшериев,
- Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Иса Акматалиев;
- Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Абдылдаев;
- Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча спорт чебери Калмира Билимбекова.

«Акимдин кубогу» спорт мелдешинин жеңүүчүлөрү:

Футбол боюнча

- 1-орун — райондук ички иштер бөлүмү, кубок, акчалай байге жана диплом;
- 2-орун — райондук билим берүү бөлүмү, диплом жана акчалай байге;
- 3-орун — райондук сот, диплом жана акчалай байге.

- «Мыкты дарбазачы» — Аман Калмырзаев, диплом жана акчалай сыйлык;
- «Мыкты коргоочу» — Азамат Тойгонбаев, диплом жана акчалай сыйлык;
- «Мыкты чабуулчу» — Сыргак уулу Эрлан, диплом жана акчалай сыйлык;
- «Мыкты оюнчу» — Акылбек Медеров, диплом жана акчалай сыйлык.

Волейбол боюнча

- 1-орун — Ак-Талаа райондук токой чарбасы, кубок, диплом жана акчалай сыйлык;
- 2-орун — орто мектептердин курама командасы, диплом жана акчалай сыйлык;
- 3-орун — райондук мамлекеттик администрациясынын командасы, диплом жана акчалай сыйлык.

- «Мыкты оюнчу» — Кубанычбек Эсенбай уулу, диплом жана акчалай сыйлык;
- «Мыкты оюнчу» — Бекжан Сагынбеков, диплом жана акчалай сыйлык.

Теннис боюнча

- 1-орун — Чолпонбек Жумадилов, диплом жана акчалай сыйлык;
- 2-орун — Руслан Мусаев, диплом жана акчалай сыйлык;
- 3-орун — Ильич Асылбеков, диплом жана акчалай сыйлык.

Шахмат боюнча

- 1-орун — Нурбек Жолдубаев, диплом жана акчалай сыйлык;
- 2-орун — Таалай Байсеркеев, диплом жана акчалай сыйлык;
- 3-орун — Бактияр Акматбеков, диплом жана акчалай сыйлык.

Андан тышкары Жаңы-Талап айылынын тургуну, машыктыруучу Алмаз Кайыпов Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин ардак грамотасы менен сыйланды.

Ал эми Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын сыйлыгы менен:

- Эр эңиш боюнча балбан Жекшен Турдубеков (ардак грамота);
- Кыргыз күрөш боюнча балбан Нурлан Абышбаев (ыраазычылык кат);
- Бекжан Шаршеналиев (ыраазычылык кат) сыйлынды.

- Электр энергия тармагынын ардагери Замирбек Турдукулов «Ардактуу ардагер» төш белгиси менен сыйланды.

- Жеке ишкер Назгүл Жузуевага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыгы тапшырылды.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин сыйлыгы:

- Жаңы-Талап айылынын үрөн чарбасынын жетекчиси Акылбек Бексултанов, «Айыл чарбасынын мыктысы» төш белгиси;
- Ак-Талаа райондук айыл чарба техникаларын каттоо кызматынын башчысы Канатбек Жамангулов «Айыл чарбасынын мыктысы» төш белгиси;
- «Султан» дыйкан чарбасынын жетекчиси Жеңишбек Өскөнов, ардак грамота.

Ак-Талаа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын сыйлыгы:

- Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Абдылдаев, ардак грамота;
- Тоголок Молдо айылынын фермери Бактыбек Саргожоев, ардак грамота.

- «Китеп - билим булагы» сынагынын алкагында көп китеп окугандыгы үчүн Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Жумабек уулу Эржан велосепед менен сыйланды.

- «Китеп бизди бириктирет» эстфетасына активдүү катышкандыгы үчүн райондук балдар билим берүү борборунун эмгек жамааты ардак грамота менен сыйланды.

КРнын Демократиялык аялдар кеңешинин сыйлыгы:

- Уулбүбү Бектемирова, «Калктын кадырман инсаны» төш белгиси;
- Бүбай Бердикулова, «Ардактуу мугалим» төш белгиси;
- Сайрагүл Супабаева, «Мыкты инсан» төш белгиси;
- Гүлмира Султаналиева, «Мыкты инсан» төш белгиси.

Кыргызстан аялдар конгрессинин сыйлыгы:

- Анаркүл Төрөкжоева, «Өрнөктүү эне» төш белгиси;
- Дамира Жусупбекова, «Өрнөктүү эне» төш белгиси.

«Жылдын мыкты айыл өкмөтү»:

- 1-орун — Кош-Дөбө айыл өкмөтү,15 миң сом;
- 2-орун — Үгүт айыл өкмөтү, 10 миң сом;
- 3-орун — Кара-Бүргөн айыл өкмөтү, 5 миң сом менен сыйланды.

Ошондой эле курулуш компания тарабынан Ак-Чий айыл өкмөтүнө батир алууга 50 миң сомдук сертификат берилди.

«Жылдын мыкты мекемеси»:

- 1-орун — райондук билим берүү бөлүмү,15 миң сом;
- 2-орун — райондук суу чарба башкармалыгы, 10 миң сом;
- 3-орун — Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасы, 5 миң сом менен сыйланды.

Салтанаттуу иш-чара райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан даярдалган концерт менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×