Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуНарын району 27.12.2019 10:06

15 жаштагы Ырысбек ырлар жыйнагын чыгарды

Turmush -  Нарын районунун алыскы Орук-Там айылында 15 жаштагы Арстанбек уулу Ырысбектин китебинин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ырлар жыйнагынын бет ачары 22-декабрда маданият үйүндө өткөрүлдү. Анда сөзү, обону жаш акынга таандык болгон Орук-Там айылынын гимни жаңырды. Ошондой эле ырлары көркөм окулду. Ырысбекти элге жаңыдан таанылып келе жаткан төкмө акын Асылбек Чоңатаев менен Кочкор районунун маданият кызматкерлери куттукташты. Иш-чара бир жарым саатка созулуп, көрүүчүлөргө китептер белек катары таратылды.

Арстанбек уулу Ырысбек мектеп окуучусу болсо да комузда кол ойнотуп, ыгы келсе дастан айтып, аны менен бирге поэзия дүйнөсүнө аралашып жүрөт. Ал биринчи жолу кичи мекенинде адабий-музыкалык кечесин уюштурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×