Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуНарын району 26.12.2019 12:14

Нарын районунун окуучулары өрткө каршы куткаруу бөлүмүндө болушту

Turmush -  Нарын шаардык жана Нарын райондук өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору мектеп окуучулары үчүн экскурсия уюштурушту.

Ак-Талаа айылындагы Ж.Мамбетов жана Кеңеш айылындагы К.Абиров атындагы орто мектептеринен келишкен окуучулар №16 өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө болушуп, бөлүмдүн аткарган кызматы менен таанышты. Куткаруучулар окуучуларга өрт убагында колдонулуучу шаймандарды тааныштырып, жумушу туурасында айтып беришти. Өрт боюнча тартылган тасма көрсөтүлүп, анын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы жүргүзүлгөн иштер туурасында маалыматтар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×