Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусуНарын району 29.12.2019 10:03

Айыл турмушу: Тарыхчы А.Абыкеевдин эсинен кеткис окуясы

Аалыкадыр Абыкеев
Аалыкадыр Абыкеев
// Турмуш

Turmush -  Нарын районунун Ак-Кыя айылынын 63 жаштагы тургуну Аалыкадыр Абыкеев өмүрүнүн 35 жылын окуучуларга билим берүүгө арнады. Учурда да балдарга сабак берип, талбай эмгектенип келет. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, мектепти аяктагандан кийин советтик армиянын катарында аба күчтөрү бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Алгач байланыш, архитектура тармактарында ар кандай кызматтарда иштеген. Мектепте окуп жүргөндө эле агай-эжелеринин өткөн сабагына суктанып, алардай мугалим болсом деген оюн ишке ашыруу максатында азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине тапшырып, жогорку билимге ээ болгон. Ошол күндөн ушул күнгө чейин ары түйшүктүү, ары жооптуу кесипти аркалап келет.

«Алгач сабакка киргенде окуучуларга сабак өтүү, алар менен тил табышуу бир аз кыйынчылыкка турду. Бирок алар менен бат эле тил табышып иштеп кете алдым. Мектепте иштеген эже-агайлардын сабактарына катышып, алардын бай тажрыйбаларын үйрөнүү мага чоң жардам болду.

Бир күнү облустук билим берүү бөлүмүнөн текшерүү келди деп эле мектепте кыйсыпыр түшүп калышты. Мен дагы аларга кошулуп алаңдап калдым. Ошондо менин сабагыма Андрей деген агай кирип, арткы партага бир окуучунун жанына отуруп алыптыр. Олбурлуу кишини көрүп апкарый түшүп, балдар менен учурашып, сабагымды өтө баштадым. Сабакты түшүндүрүп бүтүп, теманы бышыктоого өттүм. Балдарга суроо берип жатсам окуучулар бири-бирине шыбырашып, жоопторун айтып жатышкандыктан "эч кимиңер айтпагыла" деп эскерттим. Баягы агайдын жанындагы окуучуга суроо берсем билбей калды. Ошондо тиги агай ага шыбырап айтып берип жатса, башка окуучулар "агай бул киши айтып жатат" деп баарыбызды күлдүрүшкөнү эсимден кетпейт.

1984-жылдан бери айылдагы М.Бекмуратов атындагы орто мектебинде иштейм. Мугалимдин негизги милдети — коомго татыктуу инсанды тарбиялап чыгаруу. Ал үчүн чыдамкайлык менен иштеп, балдардын ички дүйнөсүн терең өздөштүрүү керек. Ошондо гана максатыңдын өтөөсүнө чыгасың. Окуучуларым ар түрдүү кесип ээлери болуп, өз ордуларын таап жатышат. Алар менен ар дайым сыймыктанам», - деди ал.

Аалыкадыр Абыкеев мектепте директордун тарбиялык иштери боюнча орун басары кызматын да аркалаган. Бош убактысында колуна комуз алып, обондуу ырларды аткарат. Окуучулары райондук, облустук предметтик олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеп, мектептин намысын коргоп келүүдө. Жакында эле өткөн тарых сабагы боюнча райондук олимпиадада окуучусу Эркинбек уулу Улан 34 мектептен келген окуучулар арасында эң жогорку упай алып, биринчи орунду камсыз кылып, агайына кубаныч тартуулады.

«Учурда окуучумду облустук олимпиадага даярдап жатам», - деди ал.

Бул жылдар ичинде Аалыкадыр Абыкеев «Билим берүүнүн мыктысы», «Кесиптик кошуундар кыймылынын мыктысы» төш белгилери менен сыйланган. Ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасына татыктуу болгон. Үч кыз, үч уулду тарбиялап өстүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×